Балдар эмгеги: кечки окуу билим боштугун толуктай алабы?

 

Адистер тобу июль-август ичинде эле ар жерде иштеп жаткан 10-18 жаштагы 50 баланы аныктаган. Алардын көпчүлүгү 3-8 жылдай мектептен четтеп калгандар. Эмгекке тартылган өспүрүмдөр көр тириликке көмөктөшүп жатабыз дешсе, ата-энелер баланын билим алуусуна тоскоол болуп коюшарын моюнга алат. Иш берүүчүлөр жоопкерчиликти өздөрүнө жолотпой, башкаларга оодарат. Адистер болсо, иштеген балага кечки мектептен билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоодо.

Ашканада жана ажатканада иштеген балдар

Макбурат ата-энеси жана бир туугандары менен Тажикстандан көчүп келишкен. Ош шаарында 2 жылдан бери жашашат. Өзү мектеп жашында болгону менен, бир нече жыл окуудан аксап  калган. Бул аралыкта ал үй бүлө муктаждыктарынан улам коомдук ашканада иштеп, апасына кол кабыш кылганын айтат:

«Мургабдан көчүп келгенбиз. Бул жакка келгенден кийин мектепке барган жокмун. Апама идиш жууп жардам берчүмүн. Күндүз эле иштечүбүз»,- дейт Макбурат.

Макбурат апасы Батма менен
Макбурат апасы Батма менен

Макбураттын энеси Батма кызынын окууну таштап коюусу анын оорусуна байланыштуу болгон дейт.

«Тажикстанда 3-класста ооруп калып, мектепке барбай калган. Ата-эне да себепчи болуп калат экен. Биз да окуусуна көңүл бурбай койдук.  Анан бул жакка көчүп келгенибизде мага жардам берип жүрдү», - дейт Батма Кудашева.

12 жаштагы Махбурат ушул жылдын башынан Ош шаарындагы Навои орто мектебиндеги кечки окутуу долбоору  боюнча билим алууну уланта баштаган. «Жакында бул мектеп жөнүндө жердештерибизден угуп, анан алып келдик. Азыр кызым иштебейт деле»,- дейт Б.Кудашева.

Ал эми аны менен бирге окуп баштаган Нурмухаммед Муктаржан уулу 16 жашта.

16 жаштагы Нурмухаммед келечекте уста болгусу келет
16 жаштагы Нурмухаммед келечекте уста болгусу келет

«Оштогу Манас атындагы мектепте 4-класска чейин окудум. Мектептен мени айдап жиберишкен. Себеби, жөн эле отура берет элем. Сабакка кызыкпайт элем. Ошодон кийин башка мектеке барган жокмун»,- дейт Нурмухаммед.

Айтымында, ал мурдагы автобазарда ажатканада иштеген. Автобазар башка жакка көчүрүлгөнү ишсиз калганын айтат:

«Туалетке киргендерден акча алып иштечүмүн. 2 күндө 500 сомдой тапчумун. Аны апама берет элем. Ал эми өзүмө кызыктуу дисктерди сатып алчумун. Машина базар башка жакка жылдырылгандан кийин иш жок калдым. Үй бүлөдө баарыбыз 5 балабыз»,- дейт Нурмухаммед. Ал келечекте уста болгусу келерин айтат. Үй ремонтун жасаганга кызыгат экен.

Турмуш муктаждыгы

Ош шаарындагы борбордук базарда араба түрткөн Абжалил Нурканов уулу Нурбекти өзүнө шерик кылып алган. Нурбек быйыл 9-класска бармак. Турмуш муктаждыгынан улам былтыртан бери араба түртүп акча табат.

«Кара-Кулжадан келгенбиз. Үй-бүлөмдө баары болуп 7 адамбыз. Нурбек чоң уулум. Экөөбүздүн иштеп тапканыбыз үй бүлө муктаждыктарын араң жабат. Үйдө улуу болгнодуктан, түйшүк да ошого көбүрөөк түшүп, мектепти таштоого аргасыз болду. Башка балдарым мектепке барышат. Аялым кичүү балдар менен үйдө»,- дейт А.Нурканов.

Balgar.kg cайты маалымдагандай, Кыргызстанда 5-14 жашка чейинки балдардын 3,6%ы ар кандай эмгекке тартылган. Фото: inozpress.kg
Кыргызстанда 5-14 жашка чейинки балдардын 3,6%ы ар кандай эмгекке тартылган. Фото: inozpress.kg

Анткен менен, өспүрүм кезинен акча табуу түйшүгүндөгү бала чоңдордун жашоосуна эрте аралашып, көп нерседен эрте көңүлү каларын айтат адистер.

«Жаш кезинен жумушка бышканы, акча таап, пландоону үйрөнгөнү жакшы. Бирок, балада «Мен таап жатам, мен кылып жатам» деп өзүн ашыра баалоо мүнөзү калыптанышы мүмкүн. Иштеген  бала психологиялык жактан чарчап, ишке, жаңы нерселерге кызыгуусу тарап, башка жактан жаңы нерселерди издеп калат. Акча тапкан бала каражатты интернет, түнкү клубга, алкоголь же наркотикке жумшашы мүмкүн. Адис катары сунушум – бала өз убагында окуп, өз мезгилинде иштегени жакшы»,- дейт психолог Эмил Сагынбаев.

Baldar.kg cайты маалымдагандай, Кыргызстанда 5-14 жашка чейинки балдардын 3,6%ы ар кандай эмгекке тартылган.

Ал эми 2007-жылы Кыргызстандагы балдар эмгеги тууралуу  Эмгек боюнча эл аралык уюмунун (МОТ) техникалык колдоосу менен жүргүзүлгөн улуттук изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, иштеген баланын саны 672 миңге чукулдаса, 592 миңи жаш курагына жана өөрчүшүнө туура келбеген жумуштарда иштейт.

Жумуштан соң окууга

Сентябрдан тарта Оштогу Навои атындагы орто мектептин базасында жумушка тартылган балдар үчүн кечки окутуу пилоттук долбоорунда 12 бала окуп баштаган. Алардын 3өө кыз, калганы эркек балдар. Окутуу кыргыз тилинде.

Ош шаардык билим берүү башкармасынын адиси Кутман Камчиев
Ош шаардык билим берүү башкармасынын адиси Кутман Камчиев

Ош шаардык билим берүү башкармасынын адиси Кутман Камчиевдин айтымында, сентябрдын аягына чейин иштеген балдардын саны аныктала берет. Негизинен, иштеген балдар жергиликтүү шаар тургундары эмес, аймактардан келгендер дейт.

«Ошко жакын райондордон көчүп келгендер, же качкын  үй-бүлөлөр жатаканаларга, жашоого мүмкүн жайга жайгашып эле мектеп жашындагы балдарын базарга чыгарып коюшат. Же соода күркөлөрүнө иштетип коюшат. Жай ичинде мониторнинг кылынганда Ош боюнча 25 баланын тизмеси такталган»,- деди К.Камчиев.

Навои мектебинин директору Турдайым Карамырзаева иштеген балдардын окууга ажырата турган убакыттары аныкталгандыгын белгиледи. Айтымында, базалык деңгээлине жараша окутулуп, ар бир балага индивидуалдуу көңүл бурулат.

Навои мектебинин директору Турдайым Карамырзаева
Навои мектебинин директору Турдайым Карамырзаева

«Иштеген балдардын көпчүлүгүнүн ата-энеси ажырашып кеткендер, турмуш-шарты оор, иштөөгө мажбур болгондор, базарда тачка түрткөндөр экен. Алар менен жеке сүйлөшкөнүбүздө, түшкү саат 2ден 4кө чейин бош убактылары болорун айтышты. Ошого жараша сабактар коюлат. Баланын мурдагы алган базалык билимине жараша окутуу улантылат»,- деди Т.Карамырзаева.

Маалымдалгандай, кечки окутууга 9 мугалим бөлүштүрүлгөн. Аларга айлык маянаны сентябрь айы үчүн Эл аралык эмгек уюмунун долбоору төлөп берет. Ал эми кийинкилери мамлекеттик бюджеттен каралат.

Аттестат алышабы?

Ош шаардык билим берүү башкармасынын адиси Кутман Камчиев иштеп жана окуп жаткан балдарга тийиштүү документтерди берүү максатталганын айтат.

«Кечки мектепке келген баланын базалык билими аныкталган соң, анын деңгээлине жараша класска отургузабыз. Баланын жашы улуу болгону менен, билимине жараша төмөнкү класстарга отурушу мүмкүн. Эгер ата-энеси 9-классты бүтүрүп, балама аттестат керек десе, ал билим деңгээлине жараша класстан-класска өтүп отуруп, документ алчуларга кошулат. Бул тажрыйба бизде али боло элек. Негизги максатыбыз да ошол, балдарга документ берүү»,- дейт Кутман Камчиев.

Иштеген бала үчүн ким жоопкер?

Мектеп жашындагылардын иштеп жаткандыгы аныкталганы менен, муну тастыктаган документтер болбогондугун айтат Ош шаардык билим берүү башкармасынын адиси Кутман Камчиев.

«Ар бир айда билим берүү кызматкерлери, жашы жете электер менен иштешкен инспекция, социалдык коргоо кызматкерлери шаарда рейд кылабыз. 50 бала табылган кезде да, аны далилдей албайбыз. Көп  учурда балдар ата-энесине жамдамчы катары иштешет»,- дейт К.Камчиев.

Анткен менен, иш берүүчүлөр баланын акысын «жебей» турганын айтып актанышат.

Наабайчы Салайдин (фамилиясын айтуудан баш тартты) балдарды жумушка алардын ата-энелери, жакын туугандары өздөрү суранып орноштурарын айтат. Балдарга оор жумуштар жүктөлбөстүгүн, белгилүү гана убактарда иш кылышарын белгилейт.

«Нан түшкө чейин жабылып бүтөт. Иш да ошол убакта аяктайт. Таңдан кечке эле баланы ишке салат дегенге мен кошулбайм. Бул жерде бала үйдө ата-энесине кол-кабыш кылгандай эле иштейт. Ишине жараша акысын алат. Менин жамдамчымын апасы уулун ишке алууму абдан суранган. Бул үй-бүлө камкордукка муктаж. Жалгыз бой эне, 4 баласы бар»,- дейт наабайчы Салайдин.

Серепчинин пикири

Клооп.кж сайты Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) Кыргызстандагы улуттук координатору Алина Курбановага бир катар суроо узатты.

Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) Кыргызстандагы улуттук координатору Алина Курбанова
Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) Кыргызстандагы улуттук координатору Алина Курбанова

Клооп.кж.

- Кыргызстанда жашы жете электердин жумушка тартылышына кимдер жоопкерчилик алат?

Алина Курбанова:

- Иш берүүчүлөр балдар менен келишим түзбөгөндүктөн, иш берүүчүнү жоопко тартуу мүмкүн эмес. Үй бүлөлүк кодекс боюнча, жашы жетпеген балдар үчүн ата-энеси жоопко тартылышы керек. Аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен эмес, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу ишке ашырылууда. Бул өтө татаал компонент.

Клооп.кж.

- Балдар эмгегин пайдаланууну жоюу жана балдардын билим алуудагы боштугун толуктоо үчүн кандай чаралар көрүлүшү керек?

Алина Курбанова:

- Эл аралык эмгек уюмунун изилдөөсү аныктагандай, Ош жана Бишкек шаарындагы иштеген балдардын өңчөйү региондордон келип, окуусун таштап, жаш кезинен ишке тартылгандар. Эл аралык эмгек уюму тарабынан Кыргызстанда жумушка тартылган балдарды кечки мектептерде билим алуусун улантуу үчүн пилоттук долбоор башталган. Ошто №18, Бишкекте №21 орто мектептерде.

Ушул жылдын июль-август айларында 15 адистен турган мониторинг жүргүзүүчү топ (алар: социалдык жактан коргоо, билим берүү адистери, жашы жете электер менен иштеген инспекция, мугалимдер,  соцпедагогдор) иштеп жаткан 10-18 жаштагы 50 баланы аныктады. Алар 3-8 жыл окуудан четтеп калышкандар. Бул балдардын ата-энелери, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүлүп, алар кайра кечки мектепке тартылууда. Мындай жөрөлгө Кыргызстанда 1-жолу ишке ашырылып жатат. Мурда болсо, иштеген улуу жаштагылардын кечки мектеби болчу эле.

Иштеген жана мектепке барбаган балдарга билим берүү кызматтарын кийирүү аркылуу Кыргызстанда балдар эмгегин пайдаланууну жоюу чаралары көрүлүүдө. Долбоор Жогорку Кеңештин билим берүү, илим жана маданият боюнча комитети, Билим берүү министрлигинин активдүү катыштыгында ишке ашырылып жатат.

Калк эмне дейт?

Мектеп жашындагы балдардын иштөөсүнө жергиликтүү калктын көз-карашы түрдүүчө болду.

Аймира Сыдыкова, пенсионер:

- Өспүрүм балдар аргасыздыктан эле иштешет. Ата-энеси иштебесе, карандай пособие менен тирилик кылса, же айлыгы өп-чап болуп жетпесе, баласын иштегенге жумшайт да. Баары жетишип турса, бала иштемек беле? Бала кезде ойногусу келет, башкалар сыяктуу жакшы кийинип, окугусу келет. Кээде балдар жупуну кийиминен да тартынып, мектепке барбай коет.

Макамбай Абдыразаков, Алай районунун тургуну:

- Баланын нары жагында болбосо, баары бир окубайт. Жөн эле мектепке барып-келип жүргөндөн көрө семичке сатып пайда тапса, кээ бир ата-энеге ошосу артык. Бирок, жазып, окуй албаган балдар да бар. Негизи, мен мектеп жашындагылардын иштегенине каршымын.

Гүлзар Омнонали кызы, студент:

- Кыргызстанда 9-класска чейинки балдар милдеттүү билим алуусу керек деген мыйзам бар. Ата-энелер балдарын сөзсүз түрдө 9-классты бүтүртүшү керек. Жашы жете электердин иштегенине каршымын. Иштеген балдар өздөрү билим албай туруп, кийин балдарынын билим алуусуна да терс таасир этип калат. Өздөрү билим алып, анан балдарын бакса жакшы болот.

Султан Маткаримов, Ош шаарынын тургуну:

- Иштеген балдар турмушта тың болушат. Акча табууну билген бала турмушун да жөндөп кете алат. Өзү теңдүү балдарга салыштырмалуу алар адамдар менен мамилелешүүнү жакшы билишет. Бирок, билим алуудан артта калтырбаш керек. Эч болбосо, орто билим алышы керек.

Гүлзат Газиева

Сүрөттөр автордуку

Макала «Кабар Ордо» долбоорунун алкагында даярдалды