Жарандыгы жана өздүгүн тастыктаган документи жоктор

 

Оштогу 3700дөй лөлү тектүүлөрдүн 30%ынын өздүгүн тастыктай турган эч кандай документтери жок. Жергиликтүүлөр паспорт тургай баланын төрөлгөндүгү тууралуу тактаманы эле 400 сомго сатып алып жатышканын айтып коңгуроо кагууда. Айыл бийликтери мунун чын-төгүнүн тактап баштаса, юристтер акысыз документтештирүү аракетин көрүүдө. 

Паспорту жок муундар

Муножат Орокова кырк жашка чыкканда гана Кыргызстан паспорттун колуна алды. Анын ата-энесинин өздүгүн тастыктаган документтери болбогондуктан, мамлекеттик органдардан эки эли кагаз алынбаптыр. Муножат документ алуу көйгөйүн тартып эле келатканын айтат.

Муножат Орокова
Муножат Орокова

“Турмушка чыгып, кийин кайын журтумун кызы катары катталып, араң дегенде быйыл паспорт алдым. Эми балдарымын көйгөйү бар. 8 баламын 2өөнү төрөт үйүндө, калганын үйдө төрөгөм. Чоң баламын паспорту жок. 3 балам интернатта окушат. Аларга да метрика ал деп шаштымы кетирип жатышат. 5 баламын төрөлгөндүгү тууралуу справкалары жок”,- дейт Жаңы-Кыштак айылынын туругуну Муножат Орокова.

Жаңы-Кыштак айылы Ош шаарынын сыртында жайгашкан. Кара-Суу районундагы Нариман айыл округуна карайт. Айылда өңчөй лөлү тектүүлөр жашайт. Жалпы саны 3700дөн ашат.

Пулат Миллиев
Пулат Миллиев

Айыл башчы Пулат Миллиев документ көйгөйүн жакындан билет. Айтымында, бул айылдыктар үчүн көйгөй – балага  төрөлгөндө справка алуудан башталат.

“Бизде тез жардам жок. Төрөт үйүнө такси менен алып барсаң, жок дегенде 400-500 сом бер дейт. Жакыныраак деп Нариманга алып барса, ал жерден Ош шаарындагы төрөтканага жөнөтөт. Бир күндө жол киреге эле 1000 сомдой кетип калат. Кош бойлуу аялдын документи жок болсо, төрөт үйүнө да кабыл албайт. Ошондуктан лөлү аялдар үйдө төрөгөндү эле эп көрүшөт”,- дейт айыл башчы.

400 сомдук тактаманын талашы

Кичүү баласынын төрөлгөндүгүн тастыктаган тактаманы (справка) алууда Муножат Орокова айылдык фельдшерге 400сом берүүгө аргасыз болгонун айтат:

“Мухиддин деген фельдшерибиз тактама үчүн 400 сом сурады. Аргасыз алдым. Эми башка балдарыма да керек. Акчам жок. Ар бирине 400-500 сомдон справка алчу болсом, 2 миң сомдой кетет. Күйөөм өткөн жылы көз жумган. Кыйналып жатабыз, ала албай жатабыз. Кимге кайрыларды билбей турам”,- дейт Муножат.

Бул көйгөй айыл депутатына да жеткен. Руслан Оринов бул ишти териштирүүгө киришкенин айтат:

“Мага келип айтышты. «Акча берерден мурда эмнеге мага айтпайсыңар?” десем, “Сага айтсак, сен анын артынан түшсөң, биз дагы документи жок калып кетмекпиз” дейт. Дагы бирөөлөр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү 6 миң сомго алдым деп айтты. Анын го чамасы жетиптир. Башкалар кантип алат? Ошондон чуу чыкты”,- дейт Руслан Оринов.

Айыл депутатынын айтымында, сабаты төмөндүгүнөн лөлү калкы сураган акчаны берип жатат.

“Биз ким акча сурап жатканын, эмненин негизинде сурап жатканын териштирип жатабыз. Жакында иликтеп баштайбыз. Бул боюнча юристтерден жол-жобосун сурайлы дедим”,- дейт депутат Руслан Оринов.

Исламидин Пратов
Исламидин Пратов

Анткен менен, Нариман айыл округ башчысынын орун басары Исламидин Пратов тактамадан чыккан чууну чындыкка коошпойт деп, четке какты.

“Ал жалган эле болсо керек. Справканы 400 сомго сатпайт. Кайсы фельдшерден алганын билели. Негизи, фельдшерде тактамага басчу мөөр болбойт”, - деди И.Пратов.

Бийлик өкүлү белгилегендей, өткөн жылы ар шаршембиде райондук ЗАГС, паспорт столдон адамдар келип, документи жоктордун документтерин тактаганга жардам берген.

400 сомго сатып алдык деген тактама
400 сомго сатып алдык деген тактама

«Буларда балдарынын документин даярдаш үчүн ата-энелердин документтери да жок. Бул боюнча маселе каралган. Алардын тизмелерин бергенбиз»,- деди айыл округ башчысынын орун басары И.Пратов.

Ал кошумчалагандай, паспорттору жок болгону менен айыл башчынын тактамасына ылайык, жергиликтүүлөргө суулуу жерден 8 сотыхтан жер үлүштөрү бөлүштүрүп берилген.

Метрикасы жок мектепте окууга мүмкүн

Өңчөй лөлү тектүүлөр жашаган Жаңы-Кыштак айылында 9 жылдык мектеп бар. Окутуу 5-класска чейин кыргыз тилинде, 6-9-класстагылар өзбек тилинде. Мектеп деректири Гүлчехра Абдуллаеванын айтымында, жалпы 544 окуучунун 245инин документи жок.

Быйыл 1-класска 138 бала кабыл алынды
Быйыл 1-класска 138 бала кабыл алынды

«Балдар окубай калбасын деп күбөлүгү жок болсо да кабыл алып жатабыз. Быйыл 1-класска 138 бала келди, ошонун 51инин документи жок кабыл алдык. Айыл башчынын берген справкасынын негизинде эле. 10-13 жаштан мектеп босогосун аттагандар да бар. Шарты жок, документи жок, башка жактан келгендерди да ала беребиз»,- деди Г.Абдуллаева.

Мектеп деректиринин айтымында, бул мектептен бүтүргөн 3 окуучу учурда Ош гуманитардык институтунда, 3өө медициналык училищада окуп жатышат.

Анткен менен, айыл башчы Пулат Миллиев белгилегендей, бой жетип, аскер жашындагы жигиттердин көпчүлүгүнүн паспорттору жок. Ондогон жылдар илгери келип, отурукташып калса да, көпчүлүк айылдаштары Кыргызстандын жараны эмес. Өзбекстанда төрөлгөндөр, коңшу мамлекеттен үйлөнгөндөр көп.

Лөлүлөргө юридикалык көмөк

Учурда Жаңы-Кыштак тургундары алыска убара болбой, өз айылында юридикалык кеп-кеңеш алууга мүмкүндүк түзүлгөн.

Айына орточо 200дөй киши консультация аларын айтат “Чек арасыз юристтер” коомдук бирикмесинин юристи Канат Абдыкеримов.

Юрист Канат Абдыкеримов кеп-кеңеш берип жатат.
Юрист Канат Абдыкеримов кеп-кеңеш берип жатат.

“Биз оозеки жана жазуу түрүндө кеп-кеңеш беребиз. Кайсы документтер керек болсо айтып, аларды кай жерден алуунун жол-жобосун айтып беребиз. Арыз жазуу зарыл болсо жазып берип, нуска көчүрмө керек болсо аны жасап беребиз. Кеп-кеңештен тарта колуна дело кылып бергенге чейинки процедураны аткарып беребиз. Булардын иши – паспортстолго же тийиштүү мамлекеттик органга ошол документти алып барып тапшыруу болуп саналат.  Ушул күнгө чейин көпчүлүгү паспорт алды”,- деди Канат  Абдыкеримов.

Серепчинин пикири

Kloop.kg сайты “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Азизбек Ашуровго бир катар суроо узатты.

Kloop.kg:

- Жаңы-Кыштак айыл тургундарынын өздүгүн тастыктаган документтери жана кыргыз жарандыгынын жоктугу аларды канчалык кыйынчылыктарга кептеп жатат?

- Өткөн жылы 6 ай аралыгында биз лөлүлөр арасында документтештирүү компаниясын жүргүзгөнбүз. Мында 3700 калк бар, алардын 30%ынын өздүгүн тастыктай турган эч кандай документтери жок болуп чыкты.  Документтеринин жоктугунан башкы көйгөйлөр жаралууда. Алар медициналык, билим берүү кызматтарын алууда, ишкердик кылууда, расмий жумушка орношууда жарандык укуктардан пайдалана алышпайт.

Kloop.kg:

- Паспорт албай калуунун, көйгөйдүн башкы себептери эмнеде экен?

- Совет доорунда да бул жамааттын тургундарынын докуметтери жок болгон. Шаар сыртында жайгашкандыктан жана совет доорунан тарта жетишерлик жабык (изолированный) болгондуктан, кесепеттери бүгүнгө чейин уланып келүүдө.

Балдар төрөтканада эмес, үйдө төрөлгөндүктөн, алардын  төрөлгөндүгүн тастыктаган кагазы жок. Медициналык мекемеден тактама албагандар күбөлүк ала албай жүргөндөр абдан көп. Натыйжасында, жашы жеткенде паспорт алууда көйгөй жарала берет.

Дагы бир себеби - Жаңы-Кыштак айылынын тургундарынын өздөрүнүн жарандык активдүүлүгүнү жоктугунан. Алар экономикалык абалы, жашоо-турмушу оор абалда жашашат. Ошондуктан, юридикалык кызматты өздөрү барып алууга мүмкүнчүлүктөрү жок.

Kloop.kg:

- Бул этникалык топтун өкүлдөрүнө өздүгүн тастыктаган документ берүү кантип ишке ашырылат?

- Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссардын башкармалыгынын долбоору боюнча Кыргызстандын түштүгүндөгү жарандыгы жок адамдардын санын азайтуу аракетин көрүүдө. БУУнун КЖКБнын колдоосу менен лөлүлөрдү акысыз документтештирүү компаниясы жүргүзүлүп жатат.

Өткөн жылы да 2 юристибиз документтештирүү боюнча лөлүлөрдүн жашаган айылына баруу менен укуктук-юридикалык кеп-кеңештерди  беришкен. 6 ай ичинде 330 адамдын тийиштүү документтерин топтоого, балдарына күбөлүктөрдү алууга жардам берилген.

Анткен менен, документ иштери да оңой-олтоң эмес. Ар бир адамдын жашына, үй бүлөлүк абалына жараша документтерди топтоого туура келет.

Жарандыгы, паспорту жок лөлү тектүүлөрдүн көйгөйүн кантип чечсе болот? деген суроого калктын пикири түрдүү.

Нургазы Ташиев, Ош шаарынын тургуну:

- Жергиликтүү кеңештерге маселе коюш керек, алардын туулгандыгы тууралуу маалыматтарды чогултуу керек.

Айжаркын Эргешова, Бишкек шаарынын тургуну:

- Азыр паспорту бар кыргыз жарандардын көйгөйү чечилбей жатканда бул суроого жооп табуу кыйын го. Көйгөй көп, чеччү киши жок. Баарыбыз өз кайгыбыздан чыга албай калдык.

Дүрдана Акматова, Ош шаарынын тургуну:

- Алар өмүр бою кара жумуш менен жүрүп абдан сабатсыз болуп калышкан. Ошондуктан да аларда документ тууралоо кызыкчылыгы болбосо керек. Алар да паспорту алышы керек. Анткени ар кандай иш документсиз бүтпөйт, чет элге да чыга алышпайт.

Бакыт Шатманов, Бишкек шаарынын тургуну:

- Биздин жергебизде жашагандан кийин аларды жарандыкка алыш керек. Бирок мүмкүнчүлүктөрүн кесиш керек...на печальном опыте видим, что другие народы наглеют потом...

Жазгүл Мадазимова, Ош шаарынын тургуну:

Албетте, биринчи жарандык алышы керек. Ансыз алардын укугун коргоо кыйын болот. Ансыз окуу жайга кирүү, жумушка орношуу жана социалдык жардам алуу кыйын. А бирок, бир жагынан лөлү калкы дайымкы түшүнүктөгү жашоо-шартка көнбөгөн калк. Паспортсуз, официалдуу жумушсуз деле күн көрүүгө көнгөн эл. Андыктан, эң биринчи алардын жашоо стили, аң-сезими өзгөрүшү керек. Бул болсо убакыт менен өзгөрө турган процесс.

Автор: Гүлзат Газиева

Сүрөттөр автордуку

Макала “Кабар Ордо” долбоорунун алкагында жазылды