Парламент добуш берүүнүн алгачкы күнү акыйкатчыны шайлоого жетишкен жок

Парламент депутаттары жаңы акыйкатчыны шайлоо боюнча добуш берүүнү октябрдын башында өтө турган жыйынга калтырышты. Бүгүнкү сессия өтө узакка созулду — парламентарийлердин алдында 49 талапкер кезектешип сөз сүйлөштү.

Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы бүгүн шайланышы мүмкүн болчу, бирок парламент депутаттары добуш берүүгө жетишпей калышты.

Депутаттар алгач добуш берүүнүн тартибин талкууга алышты — «Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрү ар бир талапкер боюнча өз-өзүнчө добуш берүүлөрү керек болчу.

Бирок кээ бир парламентарийлер добуш берүүнү ар бир депутат беш талапкерге добуш бергидей тартипте өткөрүүнү сунушташты.

Парламентарийлер бул боюнча бир пикирге келишкен жок, ошентсе да кийинки процедурага өтүп, сөздү талапкерлерге берүүнү туура көрүштү — анда 49 талапкердин ар бири өз программасын 3 мүнөттүн ичинде айтып беришти, буга жалпысынан 5 саат убакыт кетти.

Жыйынтыгында, талапкерлердин чыгып сөз сүйлөөсү кечинде гана аяктап, депутаттар добуш берүүнү октябрдын башында өтө турган кийинки пленардык жыйынга калтырышты.

Депутаттар «уккан жок»

Чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү өлкөнүн башкы укук коргоочусу кандай сапаттарга ээ болушу керектиги жана өлкөдөгү көйгөйлөрдү алар кандай көрүп жаткандыктары тууралуу айтышты.

Мында кызык окуялар да болбой койгон жок. Акыйкачылыкка талапкерлигин койгондордун бири, юрист Нурбек Токтакуновдун чыгып сүйлөөсү депутаттардын көбү тарап баштаган сессиянын аягына туш келип калгандыктан ал өз программасын айтып берүүдөн баш тартты.

Токтакунов депутаттарды сынга алуу менен бирге талапкерлердин адам укуктарын коргоо жөндөмдүүлүктөрүнө карабастан акыйкатчыны баары бир «саясий» сапаттары боюнча тандап ала тургандыктарын кыйытып өттү.

«Мына мен программаларды жакшы укпай, бири-бирине салыштырбай отурганыңарды көрүп турам. Бул жерде убакытты үнөмдөп кереги жок. Эгер акыйкатчы саясий жол менен тандала турган болсо анда ал эч качан жарандардын укуктарын коргобойт», — деди ал парламент трибунасынан.

Өз кезегинде бир нече депутат талапкерлер кыргыз жана орус тилдери боюнча сынак тапшырбагандыктарын айтып чыгышты.

Буга чейинки акыйкатчы ачкачылык акциясын улантууда

Буга чейинки акыйкатчы Турсунбек Акун 27-июнда — формалдуу түрдө криминал авторитети Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна тиешеси бар делинип кызматынан четтетилген болчу.

Акун сентябрдын ортосунда өз иш бөлмөсүнө бекинип алып мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган. Ал акцияны качан Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар чиновниктердин баары кызматтарынан кеткенден кийин гана токтотоорун билдирген.

Бир катар парламентарийлердин билдирүүлөрү боюнча, Акундун абалы «чукул начарлап кеткен» жана ал ооруканага жаткырууга муктаж. Бирок ага карабастан Акун бүгүнкү күнгө чейин ачкачылык акциясын улантып жатат.

Авторлор: Нуржамал Жаныбекова жана Айзирек Алмазбекова