«РСК банктын» өкүлчүлүктөрүнүн биринин кароолчусу сактык кассасынын кардарына «кол салгандан» кийин банк жетекчилиги кызматтык териштирүүнү баштады. Кардар банктын кызматкери аны «сабагандыгын» айтып даттанууда.
Окуя 1-октябрь күнү «РСК банктын» өкүлчүлүктөрүнүн биринде болгон. Аты-жөнүн билдиргиси келбеген кардардын айтымында, ага кол салуу кардар кароолчуну сүрөткө тартып алгандан кийин болгон.
Банктын кардарынын айткандары боюнча, өкүлчүлүктүн жабылаарына 20 мүнөт калганда кардарлар тейлөө көпкө созулуп жатканына нааразычылыктарын билдирип башташкан. Кароолчу алардын нааразычылыктарына жооп катары сактык кассасынын эшигин жаап, кардарларды чыгарбай койгон.
«Мен акчамды төлөп, дүмүрчөгүмдү алып чыга бериш жерге келдим. Эшиктин алдында төрт киши эшикти каккылап турушуптур. Көрсө кароолчу бизди ушундай жол менен «жазалоону» каалаптыр. Баарыбыз эшикти каккылап үч мүнөт турдук», – деди «РСК банктын» кардары.
Талашып-тартышуудан кийин кароолчу эшикти ачкан. Кардар кароолчунун жанынан өтүп баратып аны мобилдик телефонго сүрөткө тартып алган. Бул банктын кызматкерине жакпай калып, кардарды токтотууга аракет кылган.
«Мен жанынан өтүп тепкич аркылуу түшүп баратканда артыман чакырды. Барганда жакадан алып өзүнө тартып, уруп баштады», — деп билдирди кардар.
Ал кароолчунун колунан суурулуп чыгып сактык кассасынын имаратынан чыгып кеткен. Айтымында, банктын кызматкери өзүнүн аракеттери менен анын мобилдик телефонунун наушнигин үзүп салган.
«Сабоо болгон эмес»
Банктын маркетинг бөлүмүнүн кызматкери Kloop.kgге берген маегинде учурда бул окуя боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын жана эч кандай комментарий бербей тургандыктарын билдирди.
«Чындыгында биз азырынча эч кандай комментарий бере албайбыз, анткени ички териштирүү жүрүп жатат. Бирок ал апыртылган», – деди банк кызматкери.
Ал «РСК банктын» версиясы боюнча эч кандай токмоктоо болгон эместигин кошумчалады.
«Албетте бул фактыны биз констатациялабайбыз, бирок биздин банкта кардар сабалган эмес. Сабоо, тактап айтканда, кардардын денесин кандайдыр бир зыянга учуратуу болгон эмес», — деди ал.
Автор: Александра Ли
Сүрөт «РСК банктын» сайтынан алынды