«Кумтөрдөн» акча «талап кылгандардын» иши сотко жөнөтүлдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кумтөрдөн» акча «талап кылгандардын» кылмыш иши боюнча тергөөсүн аяктап, аны сотко жөнөттү. Жети-Өгүз районунун эки жашоочусу «акча талап кылган» жана «массалык башаламандыктарды» уюштурган деп шектелип жатышат.

Атайын кызматтагылар «Кумтөр» алтын кенинин жетекчилигинен акча талап кылууга шектелип жаткан Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдердин иши боюнча тергөөсүн аяктагандыктарын билдиришти.

Алар августтун аягында, атайын кызматтагылар Курманов менен Жунушбаев алтын кенине каршы митингдердин токтошу үчүн «Кумтөрдүн» жетекчилигинен 3 млн. АКШ долларын талап кылып жаткандыктары тартылган видеону жарыялагандан кийин кармалышкан.

Алар видеодо акча албай кала турган болсо Кыргызстанда «жарандык согуш» баштап, «революция» кыла тургандыктарын убадалашкан.

Жунушбаев кармалгандан кийин акча талап кылгандыгын мойнуна албай, видеотасмада көрсөтүлгөндөрдүн «монтаж» экенин билдирген болчу.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө видеофонографиялык экспертизанын корутундусу ал видеотасманын анык экендигин ырастаган.

«УКМКнын тергөө органдары мурда жарыяланган видеотасмадагы көрсөтүлгөн адамдардын үндөрү анык экендигин ырастаган видеофонографиялык экспертизанын корутундусун алган», — деп жазылган атайын кызматтагылардын билдирүүсүндө.

Ошондой эле кармалгандар 31-май күнү Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында болгон массалык башаламандыктарды уюштурушкан деп шектелип жатышат. Анда митингчилер «Кумтөр» кенин эки жолу электр жарыгысыз калтырышкан болчу.

Алар кендин улутташтырылышын жана алтын өндүрүү компаниясынын кирешесинен Ысык-Көл облусуна жумшалган инвестициянын көлөмүнүн көбөйүшүн талап кылышкан.

Андагы нааразычылык акциясы калк менен милициянын ортосундагы кагылышууга алып келген, анын жыйынтыгында беш киши жабырланган.

«Жунушбаев менен Курманов дагы башаламандыктардын уюштуруучулары катары кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан», — деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

Тагылган айыптары боюнча Жунушбаев менен Курманов 15 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.

Комментарий алуу үчүн шектүүлөрдүн жактоочулары жеткиликсиз болууда.

«Кумтөрдүн» айланасындагы талаш-тартыштар

«Кумтөрдүн» келечектеги тагдырын талкууга алуу бир жылдан бери бийлик менен оппозициянын ортосундагы эң башкы талаша турган маселелелердин бири болуп келүүдө.

Оппозиция алтын кенинин улутташтырылышын көптөн бери талап кылып келет. Бүгүнкү күндө ага канадалык «Центерра Голд» компаниясы ээлик кылат, анын акцияларынын бир бөлүгү Кыргызстанга таандык.

Бир нече жолку нааразычылык акциясынан кийин өкмөт – үстүбүздөгү жылдын жай айларында – «Кумтөр» боюнча меморандумдун жаңы версиясын сунуштаган. Ага ылайык, Кыргызстан «Центерре Голддогу» акцияларынан баш тартып, жаңы түзүлгөн ишкананын акцияларынын жарымына ээ болмок.

Бирок бул вариант оппозицияны ынандырган жок, алар Кыргызстан жаңы түзүлгөн ишкананын акцияларынын 70 пайызына ээ болушу керек деген талапты коюп жатышат.

Акыркы күндөрү Ысык-Көл облусундагы митингчилер менен милициянын кагылышына жана өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн барымтага алынышына алып келген нааразычылык акцияларынан кийин «Кумтөр» жөнүндөгү талаш-тартыштар кайрадан алдынкы планга чыкты.

Автор: Александра Ли