Караколдогу башаламандык маалында кармалгандар жылдын аягына чейин камакта болушат

Караколдогу башаламандык маалында кармалгандардын жарымына баш коргоо чарасы карата үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынды. Аларга адамды барымтага алуу жана бейбаштык сыяктуу төрт берене боюнча айып тагылды.

Караколдогу башаламандыктан кийин кармалгандарга карата баш коргоо чарасын белгилөө боюнча отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 10-октябрда болду.

Отурумга 18 киши катышты, алардын онуна карата бейбашчылык, барымтага алуу, адам өлтүрүү опузасын жана бийлик өкүлүнө катара зомбулук көрсөтүүнү уюштуруу беренелери боюнча айып тагылды.

Акыркы үч айып боюнча алар катышуучу катары өтүп жатышат.

Калгандары эркиндикке чыгарылышты.

Биринчи май райондук соту кармалгандарга баш коргоо чарасы катары аларды эки айга, үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Айыпталып жаткандардын арасында милиция башаламандыктарды уюштурган деп атаган Нарис Калчаев менен Улан Чибутовдор дагы бар.

Караколдогу башаламандыктар

Кармалгандардын бардыгы тең 7-октябрда, «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн митингден кийин Караколдо болгон башаламандыктарга катышкан деп айыпталып жатышат.

Милиция менен кагылышуу Ысык-Көл обладминистрациясынын башчысы кыска убакытка барымтага алынгандан кийин башталган болчу.

Чиновник бошотулгандан кийин милиция атайын каражаттарды колдонуу менен митингчилерди кууп таратуу боюнча операция баштаган.

Демонстранттар — негизинен Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун жашоочулары — милицияга таштарды ыргытып, алар менен ачык тирешүүгө барышкан.

7-октябрь күнү түндө митингчилер таратылып, анын 23 катышуучусу кармалган болчу.

«Кумтөр» жөнүндөгү талаш-тартыштар

«Кумтөрдүн» келечектеги тагдырын талкууга алуу бир жылдан бери бийлик менен оппозициянын ортосундагы эң башкы талаша турган маселелелердин бири болуп келүүдө.

Бийликтин каршылаштары акцияларынын бир бөлүгү – 33 пайызы Кыргызстанга тиешелүү болгон, бирок ишкананын ээси болуп канадалык «Центерра Голд» компаниясы эсептелген «Кумтөрдүн» улутташтырылышын көптөн бети талап кылып келишет.

Бир нече жолку нааразычылык акциясынан кийин – үстүбүздөгү жылдын жай айларында – Кыргызстандын өкмөтү «Центеррага» үлүштөрү тең болгон жаңы биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштаган. Анын ордуна Кыргызстан «Центеррадагы» акция үлүштөрүнөн баш тартмак.

Бирок бул вариант оппозицияны ынаандырган жок, бийликтин каршылаштары Кыргызстан жаңы түзүлгөн ишкананын баалуу кагаздарынын 70 пайызына ээ болушу керек деген талапты коюп жатышат.

«Кумтөр» маселеси акыркы күндөрү парламенттеги дебаттардын эң негизги темасы болуп калды. Азыр депутаттардын алдында биргелешкен ишкана түзүү жөнүндөгү меморандумду бекитүү маселеси турат.

Депутаттардын болжолдуу чечимдерине ылайык, алар макулдашуу долбоорун колдошпойт, бирок алар расмий чечим кабыл алууга шашпай туруу чечимине келишти — «Кумтөр» боюнча добуш берүү үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягына калтырылды.

Автор: Эльдияр Арыкбаев