Шаардын эң талкаланган көчөлөрүнүн бириндеги оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын башында аяктайт — бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Буга чейин жергиликтүү бийлик аталган көчө октябрдын башында оңдолуп бүткөрүлөөрүн убадалаган болчу.
Мурунку Донецкий, азыркы Сүйөркулов көчөсүндөгү оңдоо иштери ноябрдын башында аяктайт — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева билдирди.
«Анда эки катмарлуу асфальт төшөө, ирригациялык системаны, жарыктандырууну жана жол жээгин оңдоо иштери бар», — деп түшүндүрдү ал.
Усупбаева оңдоо иштеринин мөөнөтү боюнча эмнеге кечеңдетилип жатканын түшүндүргөн жок — буга чейин шаар бийлиги оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын октябрына карата бүткөрүлөөрүн билдирген болчу.
Борбордун эң талкаланган көчөлөрүнүн бири болуп эсептелген Сүйөркулов көчөсү шаардын борбору менен кичи райондорду бириктирип турган негизги транспорттук артерия болгонуна карабастан биринчи жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат.
Көчө шаардын ири базарларынын бири болгон Орто-Сай базары аркылуу өтөт жана бир нече коомдук жана маршруттук транспорттор тарабынан пайдаланылат.
Сүйөркулов көчөсүндөгү жол төшөлмөсүн оңдоо иштери үстүбүдөгү жылдын жай айларынын аягында башталган.
Оңдоо иштеринен улам пайда болгон ыңгайсыздыктар
Сүйөркулов көчөсүнөн алыс эмес жайгашкан кичи райондордун жашоочулары оңдоо иштеринин көпкө созулушуна нааразы болуп жатышат — бул тууралуу Kloop.kgге берген маектеринде сурамжыланган бишкектиктер айтышты.
Сүйөркулов көчөсүнө жакын жашаган Елена оңдоо иштеринин жүрүшүнө ыраазы эмес
«Унаа менен жүрүүгө өтө ыңгайсыз — бир жакка баруу үчүн айланып жүрүүгө туура келет. Чынында бул тажатып жиберди. Деги канчага чейин созулушу мүмкүн?» — деп нааразы болду ал.
Студент Айсулуу Сүйөркулов көчөсүндөгү оңдоо иштеринен улам ага университетине жөө барууга туура келип жатканын билдирди.
«Сабактарга жөө баруу өтө ыңгайсыз, биз мындан анча алыс эмес жерде окуйбуз. Жөө барабыз, ыңгайсыз болууда», — деди ал.
Автор: Эльдос Казыбеков