Бишкектиктердин батирлеринде жылуулук ноябрдын башында пайда болот. Жылуулук берүүгө бардык мекемелер даяр — бул тууралуу борбордун мэриясынан билдиришти.
Мэриянын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева Kloop.kgге берген маегинде жылуулук «адаттагыдай эле» 1-ноябрда берилээрин айтты.
«Мэр адаттагыдай эле жылуулукту 1-ноябрдан баштап берүү чечимине келди. Жылуулук качан абанын температурасы үч күн катары менен 8 градус жылуулуктан төмөн болгондо берилет», — деп билдирди басма сөз катчы.
Жылуулук менен биринчи кезекте билим берүү, медицина жана социалдык мекемелер камсыз болушат.
Андан соң шаардыктардын үйлөрүнө бериле баштайт.
Басма сөз катчы шаарга жылуулук берүүгө жооп бере турган борбордун Жылуулук электр борбору, «Бишкек жылуулук тармагы» жана «Бишкек жылуулук энерго станциясы» ишканалары толугу менен даяр экендигин кошумчалады.
Бишкекте жылуулук берүү былтыр да 1-ноябрда башталган болчу.
Автор: Нуржамал Жаныбекова