ИИМ офицерлери Батукаевдин бошотулушу боюнча Бишкекте «масштабдуу митинг» өткөрүшөт

Милициянын отставкадагы офицерлери кримавторитет Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар чиновниктер кызматтарынан алынбаса Бишкекте масштабдуу митинг өткөрө тургандыктарын билдиришти.

Ички иштер министрлигинин отставкадагы улук офицерлер курамы журналисттер менен болгон жолугушуусунда эгер октябрдын аягына чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча чиновниктердин эч кимиси кызматтарынан бошотулбаса Бишкекте масштабдуу митинг өткөрө тургандыктарын билдиришти.

Полковник Урматбек Момбеков митинг — Кыргызстанда бир нерсе талап кылуунун эң эффективдүү жолу экенин билдирди.

«Адамдар канчалаган маалымат жыйындарын өткөрүп жатышат? Гезиттер, ММКлар аркылуу өкмөткө, чиновниктерге кайрылып жатышат? Алар чараларды көрүп, бир нерсе чечип жатышабы? Эч нерсе чечкен жери жок. Аларга митингге чыгып көрсөтүш керек, башка жол калган жок», — деди Момбеков.

Офицерлер кримтөбөлдүн бошотулушуна тиешеси бар деп эсептеген алты чиновниктин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Алар:

  • Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев;
  • ички иштер министри Абдылда Суранчиев;
  • ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөнов;
  • саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева;
  • Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматов;
  • Гемотология борборунун башчысынын орун басары Эмиль Макимбетов.

Отставкадагы офицерлер качан жана кайсыл жерде митинг өткөрө тургандыктарын так айтып бере алышкан жок.

Комментарий алуу үчүн өкмөттүн басма сөз катчысы жеткиликсиз болууда.

Батукаевдин бошотулушу

Криминал авторитети Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда 9-апрель күнү эркиндикке чыгарылган — мындай чечимди атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгерлеринин чыгарган “канындагы оор лейкоз дарты” деген корутундусуна таянып Нарын облустук соту чыгарган.

Батукаев бошотулаары менен дароо Кыргызстандан чыгып, Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен.

Батукаев Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) 2008-жылдан бери камакта болчу. Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн

Парламент үстүбүздөгү жылдын 30-майында Батукаевдин бошотулушуна бир нече чиновниктин тиешеси бар деген депутаттык комиссиянын корутундусун кабыл алган болчу. Алардын арасында отставкадагы офицерлер кызматтан кетишин талап кылып жаткан чиновниктердин ысымдары да болгон.

Анда депутаттар премьер-министрге 10 күндүн ичинде кримавторитеттин камактан чыгуусуна жардам бергендердин бардыгын кызматтан алууну сунушташкан.

Автор: Александра Ли