Борбордун бийлиги Бишкектин батыш бөлүгүндө жайгашкан Гагарин көчөсүнүн жээгиндеги тротуарлардын качан калыбына келтирилээрин билбейт. Жергиликтүү тургундар ал аркылуу басып өтүү кыйын болуп атканын айтып даттанышууда.
Азырынча Гагарин көчөсүндөгү тротуарлар качан калыбына келтирилээри белгисиз — бул тууралуу Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева билдирди.
Басма сөз катчынын айтымында, Бишкектин бийлиги үчүн азыр негизги максат болуп жолдорду оңдоо эсептелет.
«Жол оңдоо боюнча пландалган иштердин баары ишке аша элек, анткени жалданма компаниялардын убактылары аз болуп, жетишпей жатышат. Биз жолдорду тезирээк оңдоп бүтүп, андан кийин тротуарларды калыбына келтирүүгө аракет кылабыз, бирок азыр биз үчүн негизги максат жолдорду оңдоо болуп эсептелет», — деди Усупбаева.
Гагарин көчөсүндө жашаган Таисия капиталдык оңдоо иштеринен кийин тротуар менен басуу кыйындап калганын айтып даттанды.
«Жолду сонун кылып жасашты, азаматтар. Бирок казылган тротуарлардын айынан жөө адамдар, өзгөчө жашы өтүп калган карыларга ыңгайсыз болууда, улам-улам эле чалынып атышат», — дейт ал.
Бишкектин жашоочусу Роман Скоромнов тротуарлардын начар абалына даттанып Kloop.kgнин редакциясына кат жөнөткөн.
«Жолдун чети менен басууга туура келүүдө. Ал эми жол оңдолгондон кийин унаалар катуу жүрүп атат. Анда баланы сүйрөп жүрө албайсың. Мэрия муну менен деги бир нерсе кылабы???» — деп жазган ал катында.
Гагарин көчөсүндөгү тротуарлар 2013-жылдын жайында, жол төшөлмөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү маалында казылган болчу.
Автор: Айрин Абдракманова
Редактор: Айшоола Айсаева