Көлбаев беш жарым жылга эркинен ажыратылды

Криминал авторитети Камчы Көлбаев пара талап кылгандыгы үчүн беш жарым жылга эркинен ажыратылды. Анын жактоочусу өкүм боюнча жогорку инстанцияга даттанууну көздөп жатат.

Биринчи май райондук соту криминал авторитети Камчы Көлбаевге карата мүлкүн конфискациялоо менен 5 жарым жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Бирок Көлбаев алты берене боюнча акталды:

  • 30-берене — кылмышка катышуу;
  • 125-берене — мыйзамсыз эркинен ажыратуу;
  • 105-берене — адам саламаттыгына зыян келтирүү;
  • 123-берене — адам уурдоо;
  • 241-берене — ок атуучу куралдарга мыйзамсыз ээлик кылуу, башка бирөөнө берүү, сатуу, сактоо, ташуу же жанында алып жүрүү;
  • 247-берене — баңгизаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, ташуу, сатуу үчүн жөнөтүү, ошондой эле баңги, акыл-эстен тандырчу заттарды, же башка маңзаттарын даярдоо же сатуу;

Көлбаев тергөө маалында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында 11 ай камакта болгон – андагы бир күн абакта өткөргөн эки күн катары эсептелээрин эске алсак анда криминал авторитетинин камакта өткөрө турган дагы 3 жыл 10 айлык гана мөөнөтү калды.

Ошентсе да анын жактоочусу Сергей Манукян өкүм боюнча даттана турганын билдирди.

Көлбаев пара талап кылуу беренеси боюнча ишкерлер Медер Кожахметов, Бактыбек Бекбоев, Арзыбек Бурканов жана Галина Кимдердин ортосундагы талаш-тартыштарга байланышкан эпизод боюнча күнөөлүү деп табылды.

Тергөө маалында жогорудагы ишкерлер ортосундагы талаш-тартыштарын чечип берүү өтүнүчү менен Көлбаевге кайрылышкандыгы аныкталган.

Көлбаев

АКШ бийлиги тарабынан дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн тизмесине киргизилген Көлбаев кыргыз бийлигине өткөн жылдын декабрында Бириккен Араб Эмираттарында өз эрки менен колго түшүп берген. Андан соң ал Кыргызстанга алынып келинип, ошондон бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта жатат

Көлбаев 90-жылдары эле Кыргызстандагы таасирлүү криминал авторитети катары эсептеле баштаган. Бул өз өлкөсүндөгү анын үстүнөн өткөн алгачкы сот процесси эмес.

Ал 90-жылдардын аягында кылмыш чөйрөсүнө таасир этүү үчүн криминал авторитети Рыспек Акматбаев менен атаандашып, аны өлтүрүү максатында кол салгандыгы, ошондой эле эки «рыспекчини» өлтүргөндүгү үчүн 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган болчу.

2006-жылы ал жатак абагына которулгандан кийин качып кеткен, ал эми бир жылдан кийин Кыргызстандын бийлиги аны издөөнү токтоткон.

2010-жылдагы революцияга чейин Көлбаев жарым-жартылай жашыруун жашоо мүнөзүн өткөрүп келген, анын жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган

Көлбаев 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Автор: Нурия Рыскулова