Хэллоуин майрамдалып баштады: колдогондор, каршылар бар

 «Хэллоуин» майрамы бүгүн Оштогу Уркуя Салиева лицейинде майрамдалды. Арбактардын, жез кемпир, жан алгычтардын бет кап, кийимдерин кийген балдар «эң коркунучтуу» ролдорду аткарышты.

Оштогу Салиева мектеби Хэллоуинди төрт жылдан бери майрамдайт. Англис тилчи  Айнура Абдыжапарова бул майрамдын тарыхын баяндап берди.

1

«Хэллоуин 31-октябрь түнү майрамдалат. Уламыш боюнча ошол түнү жер алдынан өлүктөр чыгып майрамдашат. Чейректин акырына туура келип калгандыктан, биздин окуучулар 25-октябрда белгиледик. Бул майрамга каршы эмесмин. Окуучулар башка элдердин каада-салттарын үйрөнүүсү абзел. Мен дүйнө таанымды кеңейтүүнү колдоймун. Майрам өтө кызыктуу өттү. Эң коркунучтуу кийимдерге, мыкты ашкабак жасалгалар жана дубал гезиттер үчүн баалуу белектер берилди»,- деди Айнура Абдыжапарова.

Коркунучтуу кийимдер конкурсу
Коркунучтуу кийимдер конкурсунун женуучулору

Бул майрамдын өтүшүнө каршы болгондор да бар. Ош шаарынын тургуну Элиза Таштанова биздин менталитетке туура келбестигин белгилейт.

Элиза Таштанова
Элиза Таштанова

«Хэллоуин майрамы биздин каада-салтка туура келбейт. Азыркы жаштардын көбү Американын салтына өтүп, нукура кыргыз салттарын эстен чыгарып коюуда. Көчө-көйдө көрсөң «I love you» деген кийимдерди кийип, курду тагып алууда. Эгерде ушундай темп менен кете берсек, биз өзүбүздүн салттарыбызды унутуп коёбуз. Коркунучтарды туурап, жин-шайтандарды чакырууну туура көрбөйм»,- деди Элиза айым.

Алмазбек Орозмаматов
Алмазбек Орозмаматов

Хэллоуин майрамында мектеп окуучусу Алмазбек Орозмаматов кан соргучтун (вампир) кейпин кийип бийледи. Анын пикиринде, бул позитивдүү маанай тартуулайт.

«Бул майрам кыргыз эли эгемендүүлүктү алгандан бери майрамдалууда. Бирок масштабтуу түрдө белгилене элек. Мен бул иш-чараны колдоймун. Анткени аң-сезимибиз өсөт. Балдарды чыгармачылык менен иштөөгө үгүттөйт. Биз өсүп келе жаткан келечектин муундарыбыз. Ошондуктан,  мейли чет элдин майрамы болсун, ушул сыяктуу чыгармачыл иш-чаралар көбүрөөк  өтүп турса, биз үчүн  эң жакшы»,- деди Алмазбек.

Жанарбек Курманбек уулу
Жанарбек Курманбек уулу

Салиева лицей-интернатындагы Хэллоуин майрамын уюштурган Жанарбек Курманбек уулу майрамдын белгилениши кыргыз салттарына зыянын тийгизбейт дейт. Ал быйыл Хэллоуинди 4- жолу майрамдап жатат.

«Кыргызстанда бул майрамды салтка киргизүүгө болбойт. Ал эми америкалыктар үчүн Хеллоуин салтка айланып калган. Алар рухтарга, өлгөн адамдарга арнап, 31-октябрь күнү   коркунучтуу кийимдерди кийип, тамактарды жасап, ар түрдүү оюндарды ойношот. Бизде окуучулар, студенттер ой жүгүртүүнү өстүрүү үчүн белгилешет»,- деди уюштуруучу Жанарбек.

5

Хэллоуин англотилдүү өлкөлөрдө майрамдалат. АКШ, Канада, Ирландия, Шотландия өлкөлөрүндө салтуу майрам катары белгиленет. Бирок, дем алыш күн эмес.

Автор: Назгүл Орзиева

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева