Кыргыз жана Грузин учагы кагылышты


Жер титирүүдөн жабыр таркагандарга гуманитардык жардам жеткирүү максатында учуп бараткан Кыргыз жана Грузин учагы, Туркия шаары Эрзурум аэропортунда конуп жаткан жерден кагылушууга дуушар болушту.  Аэропортун өкүлү Кыргызстандын учак башкаруучусун туура эмес башкарууда айыптаган. Бирок, Өзгөчө Кырдаал министри грузиндик учак башкаруучусун айыптайт.

Туркиядагы «Эрзурум» аэропортунун өкүлү Угуш Салман эки жүк ташуучу учак Турциядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам жеткиргени барганда туура эмес токтоп койгондуктан бири-бири менен кагылышты дейт. Жабыркагандар болгон жок.

«Эрзурум» аэропортунун эмгек жамаатынын башчылыгы, кыргыз авиа каттамдарына тиешелүү учак конуп жаткан мезгилде убагында бура албай калганын билдирет.

«Кыргызстан учагынын пилоту тез аранын ичинде техниканы туура тарапка грузин учагы тургандыктан улам бура албай калган, андан улам сүзүшүү болду», — деди Салман.

Турцияга гумманитардык жардам алып келүү боюнча башкармачы болуп дайындалган өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги авария грузин пилотунун ишинде тактыктын жоктугунан улам келип чыкты деп маалымдайт.

«Авиа техникасын токтотууга атайын орундан 5 метр алыстыкта турган грузин учагынын жанына кыргыздардын учагы диспетчердин буйругу менен конгон, бирок Грузия пилоту аралык тууралуу жагдайды эске алган эмес», — деп кабарлады ӨКМнын басма сөз кызматы .

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана туркиянын аба каттамы жабыркагандар болгон жок,- деп билдирип, азыр учактардын техникалык абалы текшерилип жатат деди.

«Эки учак тең ары-бери эч бир тоскоолдуксуз уча алат. Бирок, Кыргыз  учагы кайра өз мекенине учуп кетээри белгисиз», — деди Угуш Салман.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министринин статс-катчысы Таалайбек Темиралиев учак өлкөнүн аймагына 2-ноябрда келээрин белгилеп өттү.

Туркиядагы жер титирөө

7,2 балга жеткен жер титирөө Туркиянын Ван аймагында 23-октябрь күнү катталган.

Би-Би-Синин орус кызматынын маалыматы боюнча жер силкинүү 20 чакырым тереңдикте болуп, анын эпицентри Ван аймагынан түндүк-батышка карай 16-чакырымда катталган.

Аравия жана Евразия платформаларынын кагылышуусу жер титирөөнүн болушуна алып келген,- деп жарыялады АКШ гелогогиялык коому .

Жер титирөөдөн улам Эрджиш шаары катуу жабыркаган. Андагы жер алдында болгон катуу силкинүүдөн улам ондогон турак-жайлар урап калган.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Туркияда жашаган 3 этникалык кыргыз наабыт болду. Баардыгы болуп кырсыктан улам эки жүздөн ашуун киши көз жумуп, 1000 ашык адам оор жаракаттарды алды.

Авторлор: Диана Рахманова жана Данияр Омурзаков
Которгон: Кундуз Сырдыбаева

Кыргыз редактору: Айгуль Гуламидин кызы