«Кумтөрдүн» улутташтырылышы бир нече соттук териштирүүлөргө алып келет, бирок аны менен катар Кыргызстандын бийлиги элдин кошумча колдоосуна ээ болот — мындай пикирлерин Kloop.kg тарабынан сурамжыланган саясий талдоочулар билдиришти.
Kloop.kgнин кабарчылары буга чейин, 7-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Би-би-сиге берген маегинде билдиргендей эгер кыргыз өкмөтү «Кумтөрдү» улутташтырууга бара турган болсо анын пайдалары жана кесепеттери тууралуу бир канча саясий талдоочулардын пикирлерин угушту.
Президент өз маегинде эгер Кыргызстандын өкмөтү жаңы түзүлө турган биргелешкен ишканадагы акциялардын үлүштөрү боюнча «Кумтөргө» ээлик кылган канадалык «Центерра» компаниясы менен макулдашууга келе албаса кыргыз тарап улутташтырууга барышы ыктымалдыгын билдирген болчу.
Кыргызстан азыр «Центеррадагы» акциялардын 33 пайызына ээлик кылат, бирок учурда биргелешкен ишкананын түзүлүшүн жана анда өкмөттүн үлүшүнүн көбүрөөк болушун каалап жатат.
Президенттин айтымында, кенди улутташтыруу «Кумтөр» маселеси тынчын алып жаткан Кыргызстандын элин тынчытууга жол берет.
Марс Сариев, көз карандысыз саясий талдоочу
Сариевдин пикиринде, кен боюнча буга чейинки келишимдерге байланышы бар мурунку чиновниктердин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы элге жетишсиз болгондуктан «Кумтөр» алтын кенинин улутташтырылышы аргасыз жасалган кадам болушу мүмкүн деп эсептейт.
Азыркы «Кумтөр» боюнча «Кыргызстанга пайдасыз келишимдерди» түзгөн делинип бир нече мурунку министрлер камакка алынышкан.
Саясат таануучу Кыргызстан менен «Центерранын» ортосундагы соттук териштирүүлөрдөн кооптонуп жатат, түрдүү божомолдор боюнча, ал соттордо Кыргызстан үч миллиард долларга чейинки айып төлөп калышы мүмкүн.
Маектен үзүндү:
«Сыягы азыр аргасыздан жасалган нерсе болуп жатса керек, анткени бүгүнкү күнгө карата министрлер кабинетинин мүчөлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат. Бирок анын коомдук пикирди жөнгө салып, турукташтырышы күмөн, анткени анын туура эмес келишим болгондугун эске алсак азыр коомдук пикир терс, ал келишим элдин пайдасында болгон эмес.
Ошондуктан ал оор абалдан чыгуунун жолдорунун бири катары ири улуттар аралык «Центерра Голд» компаниясы менен талаш-тартышка барууга туура келет. Негизинен мен ал учурду жокко чыгарбайм. Бирок менин оюмча, ал соттордо каржы структуралары тарабынан Кыргызстанга коюла турган дооматтар, соттук териштирүүлөр жагынан алганда чоң тобокелдиктер болот.
Мен бул жерде арбитраждык сот өтө чоң санкцияларды коешу мүмкүндүгү жөнүндө айтып жатам. Анда, түрдүү баамдоолор боюнча, үч миллиард долларга чейинки айыптар болушу мүмкүн.
Иштин жөнү көрүнүп турбайбы, сыягы бул жерде башка айла жок калгандай республикадагы саясий абал оор болуп жатат. Ал эми эгер Атамбаев менен учурдагы өкмөт Батыш өлкөлөрү тарабынан инвесторлордун тосмолонушу ыктымалдыгына карабастан улутташтырууга барышса мен Орусия федерациясы же Кытай эл республикасы да Кыргызстанга болгон инвестицияларын токтотот деп ойлобойм. Ушуга ишеним артып жатышат окшойт...»
Марат Казакпаев, Кыргыз-орус славян университетинде саясат таануу боюнча окутуучу
Казакпаев «Кумтөр» боюнча макулдашууларды жокко чыгарууда жана «Центерра» менен соттук териштирүүлөргө барууда Кыргызстан инвесторлорду жоготуп алышы мүмкүн деп эсептейт.
Ал ишкананы улутташтыргандан кийин бюджеттеги каражаттын жетишсиздигинен улам кендеги жумуштарды токтотууга туура келет деп божомолдоодо.
Маектен үзүндү:
«Мен Кыргызстан сотто утулуп калышы мүмкүн деп эсептейм, анткени кантсе да «Центерранын» байланыштары көп дегендей.
Бул айып санкцияларын төлөөбүзгө, жалпы эле инвестициялык климаттын начарларшына алып келет, анткени «Центерра» дароо эле бизге каршы жарнама таратып баштайт. Тагыраак айтканда, Кыргызстанга ири инвесторлор келбей калышат.
Ал эми өзүбүз өз күчүбүз менен «Кумтөр» сыяктуу долбоор кыла албайбыз. Биздин колдон келе турган жалгыз нерсе — бул кайсы бир убакытка чейин ал жактагылардын бардыгын тең убактылуу токтотуп коюуу. Кандай гана болбосун инвестор чакырмайын биз ал жакта эч нерсе казып ала албайбыз».
Асель Мурзакулова, Бишкек гуманитардык университетинин доценти
Мурзакулова саясий партиялар «Кумтөрдүн» улутташтырылышын алдыдагы парламенттик шайлоодо колдоо табуу үчүн пайдаланып жатышат деп эсептейт.
Маектен үзүндү:
«Кумтөр” боюнча негизги чечим парламенттин колунда болгондуктан жана ал долбоордун келечеги менен өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу кандай боло тургандыгы боюнча парламент чечим кабыл ала тургандыктан парламент бул оюнда негизги оюнчу болуп эсептелет.
Ошондуктан бул маселе парламенттин ичиндеги түрдүү топтор тарабынан түрдүү максаттарда пайдаланылып жатат. Бир жагынан бул өзүн өзү пиарлоо жана алдыдагы парламенттик шайлоодо саясий упайларды топтоп алуу аракети. Экинчи жагынан бул жеке саясий салмагын көтөрүү маселеси».
Авторлор: Кубан Макешов жана Александра Ли