Вице-спикер менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Ош-Эркештам унаа жолу ачылды

Коррупцияга шектелип камакка алынган депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары ал жакка парламенттин вице-спикери Бөдөш Мамырова баргандан кийин Ош-Эркештам унаа жолун ачышты.

Демонстранттар вице-спикер Бөдөш Мамырова жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Ош-Эркештам унаа жолун ачууга макул болушту.

Kloop.kgнин андагы кабарчысы митингчилер жолду 25-ноябрь күнү кечинде ачкандыктарын билдирди.

«Демонстранттардын Мамырова менен болгон сүйлөшүүлөрү болжол менен 30 мүнөткө созулду. Буга чейин алар облус губернатору Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүшкөн, бирок аны укпай коюшкан. Жолду вице-спикер менен сүйлөшкөндөн кийин ачышты», — деп билдирди Kloop.kgнин кабарчысы Тойчубек Артык уулу.

Бирок депутаттын тарапташтары эгер үч күндүн ичинде Келдибеков үй камагына чыгарылбаса жолду кайрадан бууй тургандыктарын билдиришти.

Учурда Келдибеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камакта, депутат ал жакта 2014-жылдын январынын ортосуна чейин болот.

Оппозициялык саясатчынын тарапташтары анын бошотулушун талап кылып, эки күн бою Ош-Эркештам унаа жолунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылынын тушундагы бөлүгүн бууп турушкан. Бул өз кезегинде негизинен оор жүк ташуучу унаалардан турган унаа тыгынын пайда кылган.

Sopu-Korgon-19

Учурда ал жерде милиция кызматкерлери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөру бар. Кечээ ички иштер министрлиги жолду ачуу үчүн күч колдонулбастыгын билдирген болчу.

Ош-Эркештем унаа жолундагы митингден сүрөт баян: 

Келдибеков Социалдык фонд менен Салык кызматын башкарып турганда, ошондой эле парламент төрагасы болуп турган кезде «коррупциялык иштерге барган» деген айыптоолор менен 20-ноябрда камакка алынган.

Оппозициялык саясатчы учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагында камакта.

Ал Мамлекеттик салык кызматын жетектеп турган 2008-2010-жылдары салык чогултуу боюнча функцияны «Бизнес партнер» деген жеке компанияга мыйзамсыз берген деп шектелүүдө.

Келдибеков ошондой эле 2005-жылы  «көчүрмөлөрдү басып чыгаруу үчүн жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен» 21 млн. сом каражатты «Ротак-Бишкек» компаниясына мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелип жатат.

Андан сырткары Келдибеков эл аралык парламенттик уюмдарда парламенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишмердигин координациялоо маселеси боюнча атайын өкүлчүлүктүн кызматын мыйзамсыз түзгөн деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал атайын өкүлчүлүктү каржылоого 10 млн. сом жумшалган.

Эгер Келдибековдун күнөөсү далилденсе ал 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн — бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова 21-ноябрда депутаттардын алдында сүйлөп атып билдирген.

Оппозициялык саясатчы кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн. Ал өзүн саясий мотивдер менен кармалды деп эсептеп жатат.

Автор: Тойчубек Артык уулу