Депутаттар биринчи окууда «Кыргызгазды» орусиялык «Газпромго» сатууну көпчүлүк добуш менен колдошту. Ишкананы сатуу жөнүндөгү макулдашууга жайында эле кол коюлган, бирок меселенин биротоло чечилиши үчүн ал парламентте үч окууда тең жактырылышы керек. Эгер келишим үч окууда тең жактырыла турган болсо кыргыз ишканасынын активдеринин баардыгы орусиялык «Газпромго» шарттуу түрдө 1 долларга сатылат.
Бул үчүн «Газпром» «Кыргызгаздын» миллиондогон долларга жеткен учурдагы карыздарын толугу менен төлөп кутулууга макул болгон.
Буга чейин «Кыргызгаздын» башкы директору ишкананы сатуу маселеси 2014-жылдын январына чейин чечилбей калса да Кыргызстан көгүлтүр оту жок калбай тургандыгын билдирген.
Анын айткандарына ылайык, азыркы тапта бийлик эгер «Кыргызгазды» орусиялык «Газпромго» сатуу маселеси кечеңдеп калса жардам берип туруу жөнүндө учурдагы көгүлтүр от жеткирүүчүлөр — Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Автор: Айзирек Алмазбекова