Саякаттоого арналган украиналык «Орёл жана решка» телешоусу Кыргызстанга чейин жетти. 1-декабрда көрсөтүлгөн эфиринде алып баруучулар Бишкекте, жайлоодо жана Ысык-Көлдө болушуп, бүркүттөр менен ууга чыгышкан.
«Орёл жана решка» берүүсүнүн алып баруучулары — Андрей Бедняков менен Настя Короткая — ар бир чыгарылыш сайын белгилүү бир өлкөгө же шаарга түрдүү каржылык шарттары менен саякатка аттанышат.
Анда алып баруучулардын бири чектелбеген суммадагы акча сарптай алса, экинчиси эки күндүк сапарында 100 АКШ долларына чектелген гана каражатты пайдалана алат.
7 сезондун ичинде дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсү тууралуу берүүлөр даярдалган, акыры 1-декабрда Кыргызстан тууралуу чыгарылышы эфирде көрсөтүлдү.
http://www.youtube.com/watch?v=qvwcz0kzjeM
Тажикстанга арналган буга чейинки чыгарылышы ал өлкөнүн жашоочулары тарабынан социалдык түйүндөрдө кеңири талкууга алынган. Анда өлкөнүн жарандарынын бир катары алып баруучулардын өздөрүнө гана тиешелүү болгон юморуна нааразычылыктарын билдиришсе, башкалары алардын өлкө тууралуу айтып берүүгө өзгөчө бир мамиле кыла билгендигине ыраазычылыктарын айтышкан.
Макаланын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бурчуна Кыргызстан жөнүндөгү бул берүү тууралуу пикирлериңиздерди калтырсаныздар болот.
Автор: Бектур Искендер