Жалал-Абад: Июндагы митингди уюштургандар обладминистрация имаратын басып алгандыктарын мойундарына албай эле

«Кумтөрдү» улутташтыруу талабы менен июнда өткөн митингдин лидерлеринин бири Медер Үсөнов митингдин жүрүшүндө Жалал-Абад обладминистрациясынын имаратын басып алгандыгын мойнуна албастыгын билдирди. Буга чейин облустук сот аны 3 жылга шарттуу турдө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу.

2013-жылдын июнунда Жалал-Абад облустук администрация имаратын басып алууну жетектеп, өзүн бир нече күнгө «элдик губернатор» деп жарыялаган Медер Үсөнов Kloop.kgге берген эксклюзивдүү маегинде күнөөсүн мойнуна албай тургандыгын билдирди.

Аны менен катар ал Жалал-Абад облустук сотунун аны үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча 13-декабрда чыгарган өкүмү менен макул экенин айтты.

«Жок, мен күнөөмдү мойнума албайм, бирок алар мыйзам боюнча ошондой кылышы керек болчу. Биз күнөөлөрүбүздү шаардык сотто да, облустук сотто да мойнубузга алганыбыз жок», — деди ал.

Үсөнов алар тараптан уюштурулган нааразычылык акциялары оппозициянын үстүбүздөгү жылдын күзүндө Ошто, Ысык-Көл облусунда өткөргөн митингдери үчүн үлгү болуп калды деп эсептейт.

«Оппозиция кандай гана маселени көтөрүп чыкпасын баары тең дароо эле: “Жалал-Абадды карагылачы”, “Жалал-Абадда эмне болду эле”, “эгер Жалал-Абадда андай болсо биз дагы ошондой кылабыз” деп айтып жатышат. Сарууда дагы, Ошто дагы ошондой. Бардыгы тең бизге гана карап жатышат», — деди ал.

Мурунку «элдик губернатор» облустук соттун бул чечими боюнча жогорку баскычтагы сотко кайрылаар-кайрылбасы боюнча азырынча чечим кабыл ала электигин айтты.

Эми эгер Үсөнов менен Жалал-Абаддагы июнь толкундоолорунун башка уюштуруучулары өкүм боюнча даттанышса алардын иштери Кыргызстандын Жогорку сотунда каралат.

Элдик губернатор

Үсөнов «элдик губернатор» болгон күндөрү Жалал-Абадда.
Үсөнов «элдик губернатор» болгон күндөрү Жалал-Абадда.

Үсөнов «Кумтөр» алтын кенинин улутташтырылышын талап кылып Жалал-Абадда 31-майда башталган митингдин лидерлеринин бири болгон, көп өтпөй Ысык-Көл облусунда да ушундай эле талаптар менен митингдер башталган.

Негизинен оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын тарапташтарынан турган митингчилер ошол эле күнү облустук администрация имаратын басып алышып, аны беш күн бою кармап турушкан.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары «Кумтөрдүн» улутташтырылышынан сырткары 2012-жылдын октябрындагы митинг маалында бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталып жаткан «Ата-Журттун» лидерлеринин бошотулушун да талап кылышкан.

Алар облустук администрация имаратын басып алуу менен бирге Бишкек-Ош унаа жолун тосуп алышкан болчу.

Бул күндөрдө Үсөнов «элдик губернатор» болуп дайындалган.

Демонстранттар администрация имаратын 5-июнда бошотушкан, көп өтпөй ал нааразычылык акциясынын алты лидерине каршы кылмыш иштери козголгон.

Буга чейин «ата-журтчулардын» жактоочусу «Азаттык» радиосуна берген маегинде облустук администрация жабык жай болуп эсептелбей турганын жана анда чогулгандар «элдин көйгөйлөрүн бийликке» жеткирүү үчүн имаратка кирүүгө мажбур болгондуктарын билдирген.

Автор: Улан Мырза