Бишкектеги Орус драмалык театрдын мурунку директору Борис Воробьёв борбордун Биринчи май райондук соту тарабынан кызмат абалын ашыкча пайдаландыгы жана документтерди уурдагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.
Воробьёвго карата өкүм 31-декабрда эле чыгарылган, бирок ал тууралуу бүгүн гана белгилүү болду.
Ал Бишкектеги Орус драмалык театрдын директору болуп турганда мамлекетке зыян алып келген деген шек менен 2013-жылдын 19-июнунда кармалган жана ошондон бери №1 тергөө абагында камакта болгон.
Воробьёвдун жактоочусу «Вечерний Бишкек» гезитине берген маегинде экс-директор өз мөөнөтүн театрдын имаратын «Барсук» кафе-барына ижарага бергендиги үчүн гана алгандыгын, ал эми зыян келтирүү боюнча тагылган айып алынып салынгандыгын билдирген.
Жогорку соттун пресс-релизинде Воробьёвго кайсы аракеттери үчүн жаза мөөнөтү белгиленгендиги так жазылган эмес, бирок ага карата өкүм Кылмыш кодексинин кызмат абалын ашыкча пайдалануу жана документтерди уурдоо сыяктуу үч беренеси боюнча каралган кылмыштары үчүн чыгарылгандыгы айтылган.
Ал өз жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрөт.
Воробьёвдун айланасындагы чыр 2013-жылдын жаз айларында, маданият министрлиги аны театрдын имаратын мыйзамсыз ижарага берген деп айыптагандан кийин башталган.
Ошондой эле Бишкектеги Техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча аймактык башкармалыктын корутундусуна ылайык, театрда пайда болгон кафелердин кээ бирлери өрт коопсуздугуна жооп бербеген курулуштар менен өз аянттарын кеңейтип алышкан.
Воробьёв ал айыптоолорго жооп катары куугунтуктоолорду токтотуу үчүн маданият министрлигинин өкүлдөрү андан акча талап кылып жаткандыктарын айткан болчу.
Ал директорлук кызматынан 2-апрелде алынган жана дароо эле бийликтегилер менен соттошо тургандыгын билдирген.
Автор: Бектур Искендер