Жыл сайын өткөрүлчү футзал боюнча "Наристе" мелдеши быйыл да 3-8-январь аралыгында Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында болуп өттү. Анда Кыргызстан жана Казакстандан баары биригип отузга жакын команда катышты.Турнирдин "Наристе" деп аталып калганынын себеби жылдын башында оюн өткөрүлүп жатат жана ал жаңы төрөлүп бутуна турган баладай - жаңы башталыш, деп түшүндүрдү мелдештин калысы Акбар Казиев.Мелдеште жаш курагына карата 35-45 жаштагылардан турган он беш команда ойноду. Ал эми 45тен жогору жаштагылардан турган он үч команда өз ара ойношту.Оюнду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги уюштурган. Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.Турнирдин максаты - мамлекеттик мекемелерде иштегендердин жана футболдун ветерандарын дем алышты бош өткөрбөй, ден соолукка, спортко тартуу жана футзалды элге таратуу.Казакстандын "667" командасы 45тен жогорку курактагы оюнчулардын мелдешинде 3-орунга ээ болду.45тен жогору жаштагы командалардын ичинен кыргызстандык "Форватор" тобу биринчи орунду алса, 35-45тегилердин ичинен да Кыргызстандын "Булат" командасы биринчиликти багындырды."Наристе" турнири 1998-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Автор: Сыймык Максат уулу, Канболот Абылкасым уулу жана Гүлжан Турдубаева