Сотто 2010-жылдагы улуттар аралык коогалаң боюнча айыпталып жаткан этникалык өзбек Махамаджан Бизуруковдун кызыкчылыгын коргогондугу үчүн юрист Динара Медетова сабалды.
Медетовага Бизуруковдун иши боюнча сот отуруму өтүшү керек болгон Чүй облустук сотунун имаратынын жанынан 9-январь күнү болжол менен 20 чакты адам кол салган.
«Ал аялдар сот отуруму башталганга чейин эле улутчулдук сөздөрдү кыйкырышып, «сартты» коргоп жатасың деп жактоочуну айыпташкан. Качан отурумдун кийинкиге жылдырылгандыгы тууралуу жарыяланып, судьялар залдан чыгып кеткенде аялдар жактоочуга кол салышты», — деп жазган «Азаттык үнү» басылмасы Медетовду коргоого аракет кылган укук коргоочу Рыспек Адамалиевдин айткандарын.
Бирок Адамалиевдин кийлигишүүсү эч кандай жардам берген эмес — ал Медетова менен бирге башына бир нече жолу сокку жеген.
Адамалиевдин айтымында, кол салгандардын арасында Бизуруков өлтүргөн деп айыпталып жаткан адамдын апасы Дилбар Көчкөнова да бар болгон.
«Сот залынан биз Динара экөөбиз чогу чыкканбыз, анан артыбыздан Көчкөнова чуркап келип эле Динарага асылып кирди. Мен аны менен Динаранын ортосуна туруп ажыратууга аракет кылганымда ал мени уруп баштады. Ошол маалда залдан берки адамдар чыгып калып, алар мени Динарадан четтетип, аны уруп-согууларын улантышты. Мен Көчкөнованын Динараны бетке урганын өз көзүм менен көрдүм», — деп билдирген укук коргоочу «Фергана» агенттигине берген маегинде.
Анын айтымында, кол салган 20га чукул адамдын 15и эркектер болушкан.
Кол салгандардын бардыгы тең өзүлөрүн 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында орун алган коогалаң маалында каза болгондордун туугандарыбыз деп атап жатышат.
Жаңы иш
Бул акыркы бир жыл ичинде эле Медетовага экинчи жолу кол салуу фактысы — өткөн жылдын 20-августунда ага Ош облустук сотунун имаратынын жанынан кол салышкан жана ал кол салуу дагы Бизуруковдун ишине байланыштуу болгон.
Процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул иш боюнча соттун отуруму Чүй облустук сотуна которулган, бирок бүгүнкү окуя көрсөткөндөй, бул чара дагы эч кандай натыйжа берген жок.
Махамаджан Бизуруков менен анын атасы 2010-жылдын 20-июнунда Ош шаарынын жанындагы Койарык каналынан мууздалган денеси табылган Ош облусунун жашоочусу Алмаз Аскаровду өлтүрүшкөн деп айыпталып жатышат.
Бизуруковдордун тарабы даректерине айтылган айыптоолорду толугу менен четке кагып жатышат. Алар 2013-жылдын 27-февралында ага карата төмөнкү баскычтагы соттор тарабынан өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чыгарылган өкүмдү Жогорку сотто жокко чыгарууга жетишишкен.
Бирок андан кийин дароо эле Бизуруковго каршы козголгон кылмыш иши кайрадан кайталап текшерүүгө жөнөтүлгөн — бул жолкусунда ал 2010-жылдагы коогалаң маалында адамды мыйзамсыз барымтада кармап турган деп шектелип жатат.
Автор: Бектур Искендер