Беш жаштагы Нурбол менен төрт жашар Жаныбек көлмөнүн жанында оюнга алаксып, муз жарылып сууга түшүп кетишкен. Ошол кезде жол боюнан бара жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери балдардын кыйкырган үндөрүн угуп жардамга барган.
Окуя Чүй облусунун Ленин айылында жүз берген. Балдар көлмөдө ойноо жүйөөсүн муз астындагы балыктарды көргүбүз келген, деп айтып беришкен.
Калыңдыгы он сантиметрге жеткен муз жарылган соң балдар көлмөдө беш мүнөттөй туруп, андан кийин эстерин жоготушкан.
Ошол маалда окуяга күбө болгон ӨКМдин кызматкери балдарга жардам бергенге чейин суучул кесиптештерине кабар жеткиргенге үлгүргөн.
Куткаруучу топ суудан алып чыккандан 20 мүнөттөн кийин балдар өздөрүнө келген. Азыр балдардын абалы канааттандыраарлык, деп маалымдайт ӨКМдин расмий сайты.