Жеңил унаасы менен бара жаткан Дүйшөн Акимжанов шаардын ичинде Жол кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулган. Документтерин текшерүү маалында анын Омск ИИМ Академиясынын кызматкери делген күбөлүгү жасалма болуп чыккан.
Дүйшөн Акимов күбөлүгүнүн жасалма экендигин моюндаган. Ал жол эрежесин бузган кезде Жол кайгуул кызматкерлерине (ЖКК) жасалма документин көрсөтүп, пайдаланып жүргөн, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
“Жасалма документ бир топ сапаттуу даярдалган. [...] Көрсөтүлгөн документтин тышкы бетинде Ички иштер министрлиги (ИИМ) деп, ал эми ичинде Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) тарабынан берилген деп көрсөтүлгөн. Андан сырткары күбөлүк ээси Омск Ички иштер министрлигинин Академиясынын адъюнкту деп мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган”,–деп сүрөттөлөт жасалма делген күбөлүк ИИМдин басма сөз катчылыгы тараткан билдирүүдө.
ЖКК тарабынан Акимовдун унаасы жазапул төлөнчү авто токтотуучу жайга киргизилип, бул иш боюнча чогулган маалыматтар тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.