«Кукуруз» деп аталган учака 12 адам батат. Эки жаштын бир саатык айланышы 400 АКШ долларын түзөт. Учуучулар, жерден асман карап көктү тиктеген калоочулардын күндөн -күнгө көп болуп жатканын билдирет.
Ушул жылдын апрель айынан баштап Кыргызстанда жаңы жашоо баштаган жаштар өз үйлөнүү-үлпөт тойлорунун өзгөчө өткөрө турган жолун табышкан.
Жаштар «Кукуруз АН2» деген аталыштагы учактын жардамы менен өз үйлөнүү-үлпөт тойлорун абада өткөзө башташты.
Мындан кийин кукурузду той күнүндөө кооздоо да аларга жүктөлгөнүн билдирди.
Авиакатам башчысы Ришад Гитауллиндин айтымында, бул- учак талаалардагы эгиндерди майда чымын-чиркейлерден сактап калуу максатында ар кандай уулу заттарды чачуу үчүн колдонулган.
«Бүгүнкү күндө ар бир каалоочу ушул учаккта учушу мүмкүн»,-деди ал.
Жетекчинин сөзүнө карата, учак өз ичине 12 адам батырып, ар бир учуу саатына 400 АКШ доллардан жогору экени айтылды.
Бүгүнкү күндө аба саякатына аттанган жаштардын саны 120 дан ашкан.
Өз тойлорун абада өткөргөн Манас жана Айзаданын айтымында, шаарды жогорудан тамаша кылуу аябагандай сонун.
«Биз тоюбуз күнү учакка чыктык жана шаарды жогорудан көрө алдык. Муну мурдатан максат кылган элек жана ага жетиштик»,-деди эки жаш.
Жаңы жаш жубайлар ушул менен гана чектелип калбастыгын мындан ары учак менен бүт Кыргызстанды айланып чыгышты максат кылып жатышканын билдирди.
Учуучу Василий Борисюкиндин айтымында, үлпөт-тойлорун өткөрүүчүлөрдүн саны күндөн-күнгө артып жатат , бирок, учакты башкаруучулардын аздыгы өкүнүчтүү.
«Азыркы күндө учучулар бир аз жетишпейт. Бирок, 2010-жылы Бишкекте учуучуларды даярдоочу атаыйн окуу жайы ачылган. Жакынкы жылдарда учуучулар боюнча маселелер да чечилет деп ойлоймун»,-деди Борисюкин.
Дагы бир учак башкаруучусу Мухтор Авазов кесиптешинин сөзүнө кошулуп, азыркы күндө учуучулардын жетишсиздиги эң бир чоң маселе экенин билдирди.
«Кээ бир учурда учак даары себкени кетсе, ЗАГСка чыкканы учуучу калбай калат. Апрель айынан баштап учактарда той өткөрүү көбөйдү, бирок учак башкаруучулары аз»,-деди Авазов.
Кыргызстанда учууга жарактуу сегиз «АН2» аталыштагы учак калган. Алардын экөөсү Бишкек шаарында учса, калган алтысы Ош шаарында кызмат кылат.
Элдин оюу
Kloop.kgнин Ош шаарынын тургундары арасында жүргүзгөн сурамжылоосунда, шаардыктар бул нерсеге каршы экенин билдирди.
Ош шаарынын жашоочу Азаттын айтымында, эски «кукрузда» учуу бул-өз өмүрүнө кол салуу менен барабар.
«Бул самалеттор экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калган. Мен бул учакта учпаган болор элем»,-деди Азат.
Дагы бир шаар тургуну Эркиндин айтышынча, бул учак ар түрдүү келишпестиктердин себеби да болушу мүмкүн.
«Биздин тойлорго кеминде 100-150 конок келсе, кайсы бирин учака чыгарабыз. Эки тараптуу туугандардын арасында сен түшүп тур, мен чыгып алаыйн деген келишпестиктер болушу ыктымал»,-деди Эркин.
Автор: Саидмансур
Которгон жана редактор: Айгуль Гуламидин кызы