Ооганстандагы теракттан Борбордук Азиядагы Америка университетинин мурунку окутуучусу каза болду

Борбордук Азиядагы Америка университетинин мурунку окутуучусу Александрос Петерсен 17-январь күнү Ооганстандын борбору Кабул шаарында болгон теракт маалында каза болду бул тууралуу «Нью-Йорк Таймс» гезити жазган.

Теракт Кабулдун борборундагы ресторандардын биринде болгон — эки согушкер ал жакта түштөнүп жаткан адамдарга карата ок чыгарышкан.

Жалпысынан кол салуудан 21 киши каза болгон, алардын көбү — он үчү — чет өлкөнүн жарандары болушкан.

Азырынча кол салуунун себептери белгисиз бойдон калууда.

«Нью-Йорк Таймс» жазгандай, теракт үчүн БУУ тарабынан террористтик уюм деп табылган Талибан ислам кыймылы жоопкерчилик алган.

Каза болгон 21 адамдын ичинде Борбордук Азиядагы Америка университетинин мурунку окутуучусу Александрос Петерсен да бар болгон. Ал Ооганстанга өз карьерасын улантуу үчүн барган.

Петерсендин каза болушуна байланыштуу ал Борбордук Азиядагы Америка университетинде сабак берип жүргөндө таанышкан студенттер коомдук желелерде көптөгөн комментарийлерди жазышкан.

«Анын Saikal Nogoibaeva экөөбүздүн презентациябызды мактагандыгы эсимде», — деп жазган студент Асель Турсунбекова «Фэйсбуктагы» баракчасына.

«Анын бизге сабак өткөндүгүн эстегенде жүрөк кысылып кетүүдө. Көңүлүм жаман болуп турат», — деп жазган Каныкей Кененсариева.

«Бул анын студенттери үчүн гана жоготуу эмес, жалпы саясат таануу тармагы үчүн чоң жоготуу», — деп жазган аталган окуу жайды аяктаган Фируза Фынчина «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Сүрөттүн автору: Жыпар Чотонова