Парламентарий Ирина Карамушкина Кылмыш кодексине “талоончулук” беренесин киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул беренени киргизүү жеке менчикти коргоого багытталган.
Беренеде өзгөчө абалдар, табият кырсыгы жана массалык башаламандыктар маалындагы талап-тоноочулук үчүн жазалар каралат.
«Талоончулук» беренеси Кылмыш кодексиндеги дээрлик ошондой эле «каракчылык» беренесинен кылмыш кылган учурдагы жагдайлары боюнча айырмаланат. Парламентарийдин айтымында, андагы негизги фактор «трагедиялуу учурлар» болот.
«Жарандык адамдар өлкөдөгү трагедиялуу учурлардан пайдаланышып кылмышка барышат», — деди Карамушкина Kloop.kgге берген маегинде.
Парламентарийдин идеясына ылайык, ал беренеде талоончулук үчүн эң жогорку жаза катары мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 10 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралат, ал эми эң аз мөөнөт 3 жыл болот.
Эгер талоончулук менен эрезеге жете элек балдар алектене турган болсо алар үчүн жоопкерчиликти ата-энелери тартат.
Беренелерди кайталоо
Депутаттын «талоончулукту» Кылмыш кодексине киргизүү демилгеси бир катар юристтердин күмөн саноосуна алып келүүдө.
Жактоочу Леонид Лужанский эгер «талоончулук» беренеси башка, ага окшош беренелерден айырмаланса гана Кылмыш кодексине киргизүүгө мүмкүн болот деп эсептейт.
«Карамушкина бир топ тажрыйбалуу. Эгер анда башка квалификациялоочу себептер бар болсо, анда талоончулук сыяктуу берене түзүүгө максаттуу багыт болот. А эгер жок болсо, анда уурулук, каракчылык, кол салуу сыяктуу беренелерди деле пайдалансак болот», — деди жактоочу.
Юрист Икрамидин Айткулов талоончулук жөнүндөгү жаңы берене түзүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт. Айтымында, Кылмыш кодексинде ага окшогон уурулук, каракчылык сыяктуу беренелер бар.
«Андан көрө жакшыртуу үчүн колдо бар беренелерди алышса жакшы да. Ансыз деле Кылмыш кодекси менен Кылмыш-процессуалдык кодексинде бири-бирине каршы келген беренелер бар», — деди ал.
Карамушкинага «талоончулукту» Кылмыш кодексине киргизүү идеясы 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин келген – ал революциянын маалында бир топ жеке жана мамлекеттик ишкана, мекемелер тонолгон.
Автор: Кубан Макешов