«Роснефть» Кыргызстандын мунай рыногуна кирүүгө даярданууда

Орусиянын мамлекеттик «Роснефть» мунай компаниясы жергиликтүү компаниялар менен биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндөгү меморандумга кол коюу менен Кыргызстандын мунай рыногуна кирүү процессин баштады.

22-январда «Манас» Эл аралык аэропорту менен «Бишкек мунай компаниясынын» жетекчилери «Роснефть» ишканасынын президенти Игорь Сечин менен жолугушту — бул тууралуу орусиялык компаниянын сайтында жазылган.

Жолугушууда «Роснефтинин» Кыргызстандын мунай рыногуна кирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Орусия компаниясынын Бишкек мунай компаниясы менен Ош аба майданынын май куюучу комплексинин 50 пайызына ээлик кылуу ниети жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.

«Жетишилген макулдашуулар келечекте жаңы рынокко чыгуунун эсебинен компаниянын сатуу тармактарын кеңейтүүгө шарт түзөт. Өз кезегинде бул мунай продуктуларын жеткирүүнүн кирешелүүлүгүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет», — деп жазган Сечиндин басма сөз кызматы анын айткандарын.

Макулдашууга Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн 2013-жылдын декабрындагы жолугушуусунан кийин кол коюлду. Анда тараптар түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча макулдашышкан.

Алсак, анда мунай газ тармагы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, «Роснефть» «Ош» жана «Манас» аба майдандарында биргелешкен ишкана түзүп, Кыргызстандын мунай иштетүүчү заводдоруна чийки мунай жеткирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп баштай тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.