Кочкор- Ата шаарында бишкектик журналисти жумуш учурунда сабап салышты

Жалал-Абад облостук ички иштер башкармалыгынын маалыматында журналист жөнөкөй аялга кол салды. Ал эми сабалган кабарчы бул маалыматтарды четке кагат. Көзкарандысыз эксперттердин айтымында мындай окуялар журналисттин этикасы менен байланыштуу

20-май саат 14:30дар чамасында «Азат.кг» гезитинин кабарчысы Кенешбек Жумабаевди сабап салышкан. Ал Кочкор -Атадагы «Кыргызнефтегаз» ААКна айланасындагы окуяларды чагылдырганы келген.

Кенешбек Жумабаевдин айтымында «Кыргызнефтегаз» ААКтын имаратына атайын Бишкектен башчылардан интервью алганы келген. Ал убакта имараттын ичинде адам болгон эмес.

«Бир аздан сон топтолгон адамдар келип калды.Анан милиция кирди да аларды алып чыгып кетишти. Алар жаңы шайланган башчынын адамдары экен»,- деди ал.
Жана Жумабаев ошол жердин күзөтчүлөрдүн колунан тапанча жана автоматтарды көрүп жана аларды видеого тартып алганын да кошумчалады.

«Анан эле мурунку башчынын [«Кыргызнефтегаздын»] адамдары чуркап, аялдар келип калды.Бир аял менин маңдайыма туруп алып эмне тартып атасын деп калды. Артыман бирөө келип чачыман тартты,жанагы тапанчасы бар бала аларга камерасын алгыла деп кыйкырып калды.Анан камераны коргойм деп эңкейгенде башым бирөөнүн мурдуна тийди», -деди журналист kloop.kg ге берген интервьюсунда.

«Жаңжалды биринчи баштады»

Жалал- Абад облустук ички иштер башкармалыгынын катчысы Таалай Сосунбаевдин айтуусу боюнча журналист жаңжалды биринчи баштаган.

«Кенеш Жумабаев тасмага тартып жүргөн, анан ошол жерде Каныбек Масировдун [ мурунку «Кыргызнефтегаздын» жетекчиси] жактоочулары бул жерде тартса болбойт дешкенде ал [журналист] жанагылар менен каяша айтышып алардын ортосунда уруш чыгып кетет»,- деп айтып берди.

Ошондой эле Сосунбаев журналист Айгул Нуркамилованы (айыптап жаткан аял) «башка сүзгөн жана ал жердеги аялдар [«Кыргызнефтегаздын» имаратындагы] көптөп сабап салышканын» белгилеп кетти.

Кенешбек Жумабаев өзү да, анын башы аялдын мурдуна тийгенин танбайт. Себебин ал «кокустук», - деп түшүндүрдү. Учурда ал Ноокен аймактык ооруканасында жатат. Журналистин айтуусу боюнча ал башынан, кол буттарынан жараат алган.

Жумабаевди айыптап жаткан Айгул Нуркамилованын айтымында ошол күнү журналисттин колунда эч кандай камера болгон эмес.

«Ал унчукпай эле келип сүзүп жиберди, сүзгөндө эле эсимди жоготуп койдум.Кийин мени тепкилеп бир эки ургулап да салды. Аң сезими жайында болгон адам андай кылбайт. Ал же ичип же чегип алган», -деп айтты.

Бирок журналист Кенешбек Жумабаев мындай айыптоолордон улам ошол күнү наркологиялык текшерүүдөн өткөндүгүн белгиледи.
«Мен калпычы болуп калбайын деп, жакшы ошол күнү барып экспертизадан өтүп коюпмун»,- деп айтты.

Ал эми Ноокен райондук ички ичтер башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Аскарбековдун ою боюнча азыр бир тараптуу маалымат менен тыянак чыгарууга эрте.

« Мен азыр ушул боюнча [жаңжал] иштеп жатам, жыйынтыгы эки, үч күндөн кийин билинет»,- деп белгиледи.

Эксперттердин ою

Медиа-өкүлү Акматбек Алагушевдин айтымында журналистер дүйнөлүк стандартта иштесе мындай окуялар азыраак болот беле деп түшүндүрүп кетти.

«Мен азыр тиги күнөөлү мына күнөөлү деп айтуудан алысмын. Бирок кылмышкерлер кармалбай калганы өкүндүрбөй койбойт дүйнө жүзүндө жада калса эң өнүккөн өлкөлөрдө да мындай фактылар көп эле катталат»,- деп айтты.

Ал эми «Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевтин айтуусунда бийлик тарабынан тиешелүү иш чаралар көрүлбөйт.
«Азыр бизде бир журналистти сабап же өлтүрүп кетишсе тиешелүү жазасын албайт же кылмышкер табылбай калат. Мына ошол көрүнүштөрдөн улам баары коркутуп же ур токмокко алып кетишүүдө» деди ал kloop.kgге берген интервьюсунда.

Жалпылап айтканда акыркы бир ай ичинде 5 каналдын кабарчысы Самат Асиповдун 12-май күнү саат 22лерде Бишкекте сабап кеткен болсо,ошол эле күнү Ошто «Интерфакстын» аймактык кабарчысы Жылдыз Бекбаевага кол салышкан.18-май күнү «Рейтерэл аралык маалымат агенттигинин кабарчысы Хулькар Исамовага да кол салуу катталган. Ушу менен май айынын ичинде эле Кенеш Жумабаев менен төртүнчү жолу журналистерге кол салынды.

Автор: Асылгүл Мадишова