Кыргызстанда кыйноолор үчүн эмнеге жазалашпайт?

Кыргызстандын Кылмыш кодексине «кыйноо» беренеси киргизилген 2003-жылдан бери ал боюнча бир гана киши жазага тартылган. Статистика укук коргоо органдары тарабынан жасалган жаман мамилелер боюнча жылына ондогон, ал эмес жүздөгөн даттануулар болоорун көрсөтүүдө.

Үй-бүлөнүн жашоосун өзгөрткөн күн

2011-жылдын 5-январында «Альфа» атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Бишкектин жанындагы Беш-Күңгөй айылында «согушкерлерди» колго түшүрүү боюнча атайын операция өткөрүшкөн.

Операциянын жүрүшүндө негизги кагылышуу жергиликтүү тургун Майрамбек Топозов жашаган аймакта болгон. Жыйынтыгында ал окуядан Топозов баарынан көп чыгымга учураган — атайын операциянын жүрүшүндө анын үйү толугу менен күйүп кеткен.

Анын жашоосун толугу менен өзгөрткөн ал күнгө чейин Топозов көмөк чарба менен алектенип, аны менен катар үйүнүн жанында жайгашкан кой короодо кароолчу болуп иштеп келген.

Анын жубайы тапшырык менен кыздарга сеп даярдачу. Экөө биригип төрт баланы багып өстүрүп келишкен.

Экөөнүн тең жумушу бар болгондуктан алардын үй-бүлөсүндө каражат жактан кыйынчылыктар болгон эмес.

Топозов 5-январь күнү кечинде – «Альфанын» операциясынан көп өтпөй эле милиция тарабынан кармалып, Аламүдүн РИИБсинин имаратында бир нече саат бою сабалган.

Аны атайын кызматтагылар тарабынан изделип жаткан «согушкерлерге» байланыштуу күнөөнү мойнуна алдырууга аракет кылышкан.

Топозов аны сабаган кишилердин өңдөрүн көргөн эмес, анткени алар беткап кийип алышкан болчу. Ал күндүн эртеси Майрамбекти үйүнө кое беришкен.

Ал милиция менен соттошууга аракет кылган, бирок көзөмөлдөө органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартып коюшкан.

Анын үй-бүлөсүнүн азап тартуусу азыркыга чейин уланууда, анткени алар үйү менен бирге мүлкүнүн бардыгын тең жоготушкан.

Азыр Майрамбек тез-тез ичип, үйгө келбей калган учурлары көп болот. Мындан улам жубайы балдарын алып Токмоктогу туугандарына кетип калган.

Топозовдордун үй-бүлөсүнүн окуясы — бул бийлик кыйноолорго даттангандарга көңүл бурбай койгон Кыргызстандагы көптөгөн учурлардын бири гана.

Укук коргоочулардын айтымдарында, кыйноого алуу боюнча күнөөлүүлөр дээрлик дайыма эле жазасыз калышат. Эмнеге андай болуп жатат?

Соттук-медициналык экспертиза

Талдоочулардын айтымдарында, кыйноолордун фактысын аныктоодогу негизги көйгөйлөрдүн бири соттук-медициналык экспертизага байланыштуу.

«Соттук-медициналык экспертизанын мамлекет тарабынан өткөрүлүп жаткан схемасы кыйноолордон улам жапа чеккендер алган жаракаттардын оордугун толук бойдон көрсөтпөйт. Психологиялык травмалардын аспектилерин толугу менен ачпайт», — деп түшүндүрдү «Кылым шамы» фондусунан укук коргоочу Рысбек Адамалиев.

Соттук-медициналык эксперттер жапа чеккендердин өтө кеч кайрылгандыктары да көпчүлүк учурларда көйгөй жарата тургандыгын айтып, ишендирүүгө аракет кылышууда.

«Эгер адамдар кеч, бир апта же бир ай өткөндөн кийин кайрылышса алардын жаракаттарын аныктоо өтө оор болот», — деп түшүндүрдү Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун алдындагы экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси Асипа Ибраева.

Ал кыйноолордон жапа чеккен адамдарга зордук-зомбулуктан кийин дароо эле болушунча көп маалымкат чогултуу кеңешин берди.

«Эгер сабалган адам кайсы бир жерге кайрылган болсо биз тергөөчү аркылуу бардык документтерди, тез жардам кызматынан корутундуларын ала алабыз. Бул денеге келтирилген жаракаттардын качан болгондугун аныктоодо бир топ чоң роль ойнойт», — дейт Ибраева.

Ал адамдар милиция тарабынан кыйноолор болгондугуна даттанган учурларда «дененин жеңил зыянга учурашын» көгөргөн деп каттагандыгын мойнуна алат.

Бирок ал соттук-медициналык эксперттер мыйзамдын чегинде гана бекем тартипте иштей тургандыктарын айтып, ишендирүүгө аракет кылды.

«Кимдир бирөө бизге кысым көрсөтүп мажбурлай албайт. Бизде нускама бар, андан сырткары биз эч нерсе ашыкча жаза албайбыз. Бирок [Курманбек] Бакиевдин (2010-жылы бийликтен кеткен президент) маалында менин тажрыйбамда бир учур болгон. Башкы прокуратурадан корутундунун оордугун катаалдатып бер деп мага басым жасалган, бирок мен ал кадамга барбай объективдүү корутундуну чыгарып бергем», — деп ишендирди Ибраева.

Бирок кыйноолордон жапа чеккендердин жакындары революциядан кийинки күндөрү соттук-медициналык экспертке кайрылуудагы башкача абалды айтып жатышат.

«Биз киргенде соттук-медициналык эксперт биз менен эмне болгондугун карап да койбостон эле текшерүү аяктагандыгын билдирген», — деди Гүлүмкан Топозова.

Мыйзамдагы боштуктар

Укук коргоочу Рысбек Адамалиевдин пикиринде, кыйноо фактыларынын натыйжасыз иликтенип жатышынын дагы бир себеби — бул Кыргызстандын учурдагы мыйзамындагы боштуктар.

Алсак, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 95-беренеси адамды милиция бөлүмүнө алып келгенден кийин үч сааттын ичинде кармалгандыгы боюнча протоколду толтурууга милдеттендирет.

Адамалиевдин айтымында, кээ бир укук коргоо органдарынын кызматкерлери алгач адамдарды милиция бөлүмүнүн сыртында кармап турушат.

«Адамдарды алгач жашыруун батирлерде, унааларда же кайсы гана жерде болбосун мыйзамсыз кармап турган учурлар көп кездешет. Андан кийин гана мойнуна алган бардык керектүү документтерге кол койгон «даяр» адамга протокол толтурушат», — деп билдирди укук коргоочу.

Бул айтылган айыптоолорду милиция толугу менен четке какты.

«Биз мыйзамдын өкүлүбүз, мыйзам чегинде иштешибиз керек», — деди Бишкектин РИИБлеринин биринин тергөө бөлүмүнүн башчысы.

Анын пикиринде, акыркы учурларда ички иштер органдарында кыйноолордун саны азайып, кызматкерлер мыйзамга ылайык иштеп башташкан.

Өзгөрүүлөр

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2012-жылы Кыргызстанда укук коргоо органдары тарабынан кыйноолор болгондугуна даттанган 371 кайрылуу катталган.

Алардын 126сы Бишкекке туура келет.

Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери Аман Абакенов андан бери өлкөнүн борборунда кыйноолордун санынын азайгандыгы байкалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылы 82 даттануу катталып, бир жыл мурункуга караганда 44 учурга аз болгон.

Аны менен катар ошол эле жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу милиция кызматкери «кыйноо» беренесинин негизинде соттолгон.

«[Кыйноолор боюнча] үч иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Алардын бирөөсү каралып бүттү жана ал боюнча соттун айыптоо өкүмү бар», — деп билдирди Абакенов.

Прокуратура өкүлүнүн пикири боюнча, мындай учурдун болгондугунун фактысынын өзү эле Кыргызстанда кыйноолорго каршы күрөшүүдө жакшы жакка өзгөрүү бар экендигин айтып турат.

Жакшы жакка өзгөрүүлөрдүн арасында — акыркы жылдары кыйноого алуу учурларынын коомчулук, алардын ичинде журналисттер тарабынан элге кеңири жеткирилиши дагы бар.

Бирок бул кыйноолорду башынан өткөргөндөрдү жубатпайт деле.

Алсак, Майрамбек Топозов милиция кызматкерлери тарабынан сабалгандан кийин жумушка жараксыз болуп калган.

«Ага өтө катуу жараат алган акырегине үч жолу операция жасатууга туура келди. Алгач акырегинин жабырланган бөлүгү пластик менен алмаштырылган, бирок ал пластик сынып калып аны темирге алмаштырууга туура келген. Майрамбек азыр майып болгон колу менен эч нерсе кыла албайт», — дейт анын апасы Гүлүмкан көз жашын сүртүп.

Андан бери Майрамбек үч жолу өз жанын кыюууга аракет кылган.

«Эгер мен балдарымды бага албасам жашап эмне кереги бар?» — деп кайталады апасы уулунун анда айткандарын.

Авторлор: Айрин Абдракманова жана Рейхана Турдиева