ИИМдин башчысынын мурунку орун басары милицияда көрсөтмө берип жатат

«Чындык» оппозициялык партиясынын лидери, ИИМдин мурунку чиновниги Кубанычбек Кадыров бүгүн эртең менен кармалды. Милиция Кадыровду кармабагандыктарын, жөн гана «көрсөтмө берүү үчүн чакыргандыктарын» билдирип жатат.

«Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу идеясынын тарапташы болгон Кадыров бүгүн эртең менен Бишкектин ооруканаларынын биринен кармалды. Бул тууралуу «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасы оппозиционердин өзүнө шилтеме жасап билдирди.

Кадыровдун айтымында, ал Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көрсөтмөсү менен кармалган.

Бирок ИИМдин өзүнөн оппозиционерди эч ким кармабагандыгын, жөн гана 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашууга байланышкан кылмыш иши боюнча көрсөтмө берүүгө чакыргандыктарын билдиришти.

«Ал 2010-жылдын апрелинде козголгон кылмыш иштерине байланыштуу тергөөчүнүн тапшырмасы менен Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилди. Учурда ал көрсөтмө берип жатат», — деди Kloop.kgге берген маегинде ИИМдин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимов.

Кубанычбек Кадыров — Курманбек Бакиевдин убагында парламент депутаты болгон. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Бирок бул кызматында ал көпкө кармалган эмес — ал президенттин буйругу менен алынган.

Саясий аренада ал кайрадан оппозиционер жана «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу идеясынын тарапташы катары пайда болгон.

Автор: Кубан Макешов