Милиция кызматкерлерине ок аткандар колго түшүрүү маалында өлтүрүлүштү

Заур Магомедов менен Бердимурат Арчаев ИИМдин ыкчам тобу тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда өткөрүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө өлтүрүлүштү. Алар бир күн мурун Балыкчы шаарынын чыга беришинен милиция кызматкерин өлтүргөн деп айыпталып жатышкан.

ИИМден кабарлашкандай, Магомедов менен Арчаев ыкчам топтун кызматкерлери аларды колго түшүрүүгө аракет кылганда куралдуу каршылык көрсөтүшкөн.

«Шектүүлөр ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына куралдан ок чыгаруу менен жооп беришкен. Жыйынтыгында жооп катары аларга карата ок атылган», — деп жазылган ИИМдин пресс-релизинде.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, алар Чүй облусунун жашоочусу Заур Магомедов менен Жалал-Абад облусунун жашоочусу Бердимурат Арчаевдер болушкан.

Magomedov-Zayr-e1392033919340
Заур Магомедов

Алардын бири — Магомедов — буга чейин адам өлтүрүү жана талап-тоноочулук үчүн соттолгон.

Милиция пресс-редизинде өлтүрүлгөндөрдү «кылмыштуу топ» деп атап, алардын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча тапкандыктарын билдирип жатат.

Магомедов менен Арчаев Балыкчы шаарынын чыга беришиндеги атышуудан улам бир милиция кызматкери каза болуп, экинчиси жараат алгандан кийин издөөгө жарыяланышкан.

Тергөөнүн маалыматтары боюнча, 9-февраль күнү кечинде Жол кайгуул кызматкерлери Балыкчы шаарынан «катуу ылдамдыкта» чыгып келе жаткан мамлекеттик 87-87 BW номурлуу BMW үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылышкан. Унаанын ичинде Магомедов менен Арчаев бар болгон.

Автоунаанын айдоочусу милициянын талабына баш ийбестен жолун уланта берген. Ошентсе да алардын унаасы Бишкек-Балыкчы жолунун 160-чакырымында  бузулуп калгандыктан милиция кызматкерлери аларды кубалап жетишкен.

Бирок милиция кызматкерлери күтүүсүздөн каршылык көрсөтүүгө туш болушкан.

«Алардын бири күтүүсүздө ок атуучу куралды сууруп чыгып Жол кайгуул кызматкери тарапка ок чыгарган. Ошол учурда Балыкчы шаардык ИИБсинин айдоочусу, милиция кызматкери Бакыт Абдраев беркисин жерге кулатып колго түшүрүүгө аракет кылган. Бирок жол кайгуул кызматкерине ок чыгарган берки кылмышкер чуркап келип милиция кызматкерин кежигеге атып жиберген», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Болжол менен милиция кызматкерине каршы Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан ок чыгарышкан.

«Андан соң шектүүлөр чоң жолго чыгышып, курал менен коркутуп күмүш түстүү  «Ауди А6» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Анын айдоочусу менен жүргүнчүлөрүн түшүрүшүп, тартып алган автоунаага отуруп качып кетишкен», — деп жазылган пресс-релизде

Шектүүлөр калтырып кеткен унааны тинтүүдө бет кап, жасалма чач жана бычак табылган. Табылган буюмдардын бардыгы кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.

Абдраев алган жарааттарынан улам эсине келбеген бойдон ооруканада көз жумду. Анын артында үч баласы калды.

Жараат алган дагы бир милиция кызматкери ооруканага жаткырылган.

Автор: Дарина Манасбекова

Редактор: Шахида Дүйшеева