Нарын: Кардан жасалган сөлөкөттөр сынагы

Алгачкы жолу Нарын районунун Куланак айылында кардан жасалган макеттердин сынагы мектеп окуучуларынын катышуусунда болуп өттү. Анда жетинчи жана андан жогорку класстын окуучулары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Абдылда Аралбаев орто мектебинин директору Чынара Абдыкадырованын айтымында, бул конкурс окуучулардын убакытты туура пайдалануусуна жана фантазиясын өнүктүрүүгө үндөп уюштурулган.

“Бул конкурс быйыл биринчи жолу уюштуруп жатабыз. Максатыбыз - окуучулардын арасында ынтымакты, биримдикти бекемдөө, биргелешип иштөөгө үндөө”,–деп айтты мектеп жетекчиси Абдыкадырова.

Kulanak_Kloop11

Окуучуларга сынакка катышуу үчүн бир апта убакыт берилген. Алар ушул убакыттын ичинде өздөрүнө жаккан тема боюнча ар кандай сөлөкөттөрдү жасап, сынактын жыйынтыгын чыгаруу күнүндө ошол эмгектерин жактап-чечмелеп беришкен.

Kulanak_Kloop

Алдыңкы орунга 10 жана 11-класстын эмгектери татыган.

“Биз, 10-класстын окуучулары, кардан өздөрүнүн мектебинин макететин жана Мисир пирамидасын жасадык. Мисир пирамидасын жасаганыбыздын себеби аны барып көрүүгө көптөгөн акча кетирбей, бул жерден эле көрүп алууга болот”,–деп токтолду мектептин 10-классынын окуучусу Алина Курманкожо кызы.

Мектеп чатырын кызыл менен боёгонун себебин болсо, он жылдыкка чогулганда классташтары менен бирге мектептин чатырын ошондой кылып оңдоп беришээри менен түшүндүрдү Алина.

Kulanak_Kloop2

Kulanak_Kloop3

Kulanak_Kloop4

Дагы бир сыйлуу орунга 11-класстын кардан жасаган мечит, тешме жол жана поезди татыган.

“Алар бүтүрүүчү класс болгондуктан, жолу дайыма ачык жана темирдей бекем болуусун каалашкан. Мечитти жасагандарынын себеби жаштарды ыймадуулукка чакыруу болгон”,–деди Абдыкадырова.

Kulanak_Kloop6

Kulanak_Kloop7

Kulanak_Kloop8

Kulanak_Kloop9

Kulanak_Kloop10
Сынактын жеңүүчүлөрүнө Куланак айылдык кеңештин депутаттары атайын белектерди ыйгарышкан.