АФКнын Чакыруу кубогу: Кыргызстандын атаандаштары аныкталды

Футбол боюнча АФКнын Чакыруу кубогунун чүчүкулагы 12-февраль күнү Мальдив аралдарында өттү. Кыргызстан курамасы Мьянма, Палестина жана Мальдив аралдары менен бирге А тобуна туш келди.

Кыргызстан болжолдуу түрдө бирдей күчкө ээ Мьянма, Палестина жана Мальдив аралдары менен бир топко туш келди. Сергей Дворянковдун командасы ФИФАнын дүйнөлүк рейтингинде эки жүздүктүн ортосунда жайгашкан.

Мелдеш 19-майдан 30-майга чейин Мальдив аралдарында өтөт. Жалпысынан ага эки топко бөлүнгөн сегиз курама катышат.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча, В тобуна Түркмөнстан, Ооганстан, Филиппины жана Лаос курамалары кирди.

Ар бир топтон экиден мыкты команда жарым финалдык бөлүккө өтөт.

Мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтө турган футбол боюнча Азиянын биринчилигине катышуу укугуна ээ болот.

Быйылкысы өлкө тарыхында Кыргызстан курамасынын Чакыруу кубогуна үчүнчү жолку катышуусу болот. Чакыруу кубогу Азиянын эң төмөнкү рейтингдеги командаларынын ортосунда эки жылда бир өткөрүлүп туруучу футболдук мелдеш.

Команданын эң жогорку жетишкендиги мелдеш алгачкы жолу өткөрүлгөн 2006-жылга туура келет. Анда Кыргызстан курамасы мелдештин жарым финалдык бөлүгүнө чейин жетип, Тажикстандан 0:2 эсебинде утулуп калган.

Кыргызстан курамасы 2010-жылы топтук беттештерде жеңилүү ызаасын тартып, кийинки баскычка өтпөй калган.

Мелдештин былтыр өткөн тандап алуу бөлүгүндө Кыргызстан бардык үч беттешинде тең жеңишке жетүү менен бирге өз дарбазасына бир дагы топ өткөрбөй жүз пайыздык жыйынтыгы менен өзгөчөлөнгөн жалгыз команда болгон.

Автор:  Тилек Бейшеналиев