Нарын жергесиндеги “Азирети Али” мечити Кыргызстандагы мечиттерден өзүнүн көөкөр формасы менен айырмаланып турат.
Мечиттин курулушу 1991-жылы башталып, эки жыл ичинде толук бүткөрүлгөн.
Кыргызстандагы башка мечиттерден айырмаланып, анын бетинде кыргыз оймо-чиймелери түшүрүлгөн.
Мечит үч бөлүктөн турат - мечит, Нарын казыяты жана мечиттин алдындагы медресе. Мечит 200-250 адамга ылайыкталып курулган.
“Мечит салынаарда Союз учуру эле. Ошол учурда Мукаш Эсенелиев депутаттыкка талапкерлигин коюп жатып, мечитти колдойбуз деп сөз берген. Ошентип бизге тапшырма берилген. Ошондо мен ар кайсы мамлекеттин мечиттерин карасам, ар бири өз колоритине ылайыктап салыныптыр. Мен да кыргыздын өзгөчөлүгүн киргизип, мечиттин долбоорун чийип чыккам. Жыйынтыгында менин долбоорум мыкты болуп, кабыл алынган”,-деп айтып берди Нарын шаардык мечитинин архитектору Асейин Өмүралиев.