Польшалык джаз триосу жаңы альбомун Бишкекте тааныштырды [+ аудио]

20-февралда польшалык джаз пианисти Артур Дуткевичтин триосу филармониянын сахнасына чыкты. Музыканттар көрүүчүлөрдү Prana деген аталыштагы жаңы альбому менен тааныштырышты.

Айдина Аманжанова польшалык музыканттардын концерти тууралуу репортаж даярдаган:

Артур Дуткевич — 90-жылдардын соңунда жеке музыкалык тобун түзгөн польшалык джаз пианист.

Фортепьяндык джаз музыкасынын импровизатору жана улуу рок-гитаристи Джимми Хендикс менен польшалык рок-музыкант Чеслав Немендин күйөрманы катары белгилүү. Алардын чыгармачылыгы Дуткевичке чоң таасирин тийгизип, алардын таасиринин астында Hendrix Piano деген аталыштагы жеке альбомун чыгарган. Анда ал Хендрикстин чыгармаларына импровизация жасаган.