Кыргызстан курамасы Макаодон келген хоккейчилерди 3:1 эсебинде жеңди — бул Хоккей боюнча Азиянын Чакыруу кубогунун биринчи дивизионунун топтук этабында Сергей Шаверневдин тарбиялануучуларынын үчүнчү жолу катары менен жеңишке жетиши.
27-февраль күнү кечинде Кыргызстан Макао курамасы менен беттешти — кыргыз хоккейчилери макаолук оюнчуларды биринчи дивизиондогу башка курамаларга караганда «эң күчтүү атаандаш» деп эсептеп келишкен.Жалпысынан курамалар ортосундагы тирешүү курч мүнөздө өттү — эки команда тең активдүү чабуулдарды жасашып, атаандашына өз муз аянтчасында ойноого мүмкүнчүлүк беришкен жок.Биринчи шайба дарбазага беттештин алтынчы мүнөтүндө кирди — Макаонун хоккейчилери кыргызстандыктардын дарбазачысын алдап өтүп оюн эсебин ачышты.Кыргызстан курамасы жети мүнөттөн кийин макаолуктардын дарбазасына гол менен жооп беришти.Биринчи жыйырма мүнөттүктүн ичинде башка шайба кирген жок — курамалар бирдей эсеп менен тыныгууга кетишти.Экинчи бөлүктө кыргыз хоккейчилери Макао дарбазасына карай активдүү чабуулга өтүшүп, шайбага ээлик кылууда демилгени өз колдоруна алышты — бул өз жыйынтыгын берип, Кыргызстан курамасы эки шайба киргизди.Өзгөчө кыргыз командасынын шайбаны муз аянтчасынын дээрлик орто ченинен киргизген коргоочусу Төлөгөн Жолдошбек уулу мыктылыгын көрсөттү.Оюндун бул бөлүгүндө Макао курамасы гол менен жооп бере албай, командалары 3:1 эсебинде тыныгууга кетишти.Оюндун үчүнчү жыйырма мүнөттүгү андан да курч мүнөздө өттү — Макаонун хоккейчилери алдыга озуп чыгууга аракеттенүү менен кыргыз дарбазасына чабуул артынан чабуул уюштурушуп, көптөгөн кооптуу абалдарды жаратышты.Кыргызстандыктар болсо коргонуу өңүтүнө өтүшүп, оюндун аягына чейин Макао курамасына шайба киргизүүгө мүмкүнчүлүк беришкен жок.Беттеш Кыргызстандын пайдасына 3:1 эсебинде аяктады.Оюндан кийин кыргыз хоккейчилери Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маектеринде алар үчүн Макао курамасы «эң күчтүү атаандаш» болгондугун билдиришти — айтымдарында, Макао хоккейчилери башка командаларга караганда профессионалдуураак ойношту.
Учурда Кыргызстан үч жеңиши менен мелдештин тизмегинде биринчи орунда:
[table id=13 /]
1-мартта өтө турган жарым финалдык бөлүктө Кыргызстан Индия курамасы менен беттешет.
Автор: Гүлжан Турдубаева