2013-жылдын декабрынын башында кыргызстандык журналист Артём Слонь жаңы гана башталган «Евромайдан» тууралуу сүрөтбаян даярдоо үчүн Киевдеги Майданда болуп кайткан. Арадан үч ай өткөн соң ошол эле аянтка анын мекендеши жана кесиптеши Бектур Искендер да барды. Бул убакыт аралыгында Киевдин башкы аянты кандай өзгөрүүлөргө дуушар болгон?
Макаланын бардык бөлүктөрү:
Мындан ары баян Бектур Искендердин атынан жүрөт.
Менин досум Артём Слонь Киевге «Беркуттун» жардамы менен «Евромайданды» кууп таратууга болгон бийликтин алгачкы аракети орун алган 2013-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү барган.
Бүгүнкү күндө «Евромайдандын» дээрлик бардык активисттери ал күндөр Украинанын борборундагы демонстрациялардын эң маанилүү учурларынын бири болгондугуна ишенишет.
Бул жерде айтылып жүргөндөй, Украинанын Европага багыт алган саясатын колдогон митингдерди Киевдин либералдуу көз караштагы «креативдүү жаштары» башташкан жана алгач алардын саны анча деле көп эмес болгон.
Эгер алгачкы жараат алгандар пайда болгон ошол күнү «Беркут» тарабынан катаал кууп таратуулар болбогондо «Евромайдан» өз максатына жетпей деле калмак.
Андагы чогулгандарды таратуу аракеттери Украинанын көптөгөн жашоочуларынын кыжырларын келтирип, 2-декабрдан баштап Майдандагы адамдардын саны кескин көбөйүп кеткен — эң көп дегенде 1 миллионго жакын, кеминде он миңдеген кишиге жеткен.
Дал ошол күндөрү Артём Слонь Киевде болчу — ал Украинанын борборуна ЕККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынын чагылдыруу үчүр барган.
Анда Майдандагы кырдаал тынч болчу — аянтта Киевдин креативдүү жаштары байкалып турганы менен оппозициялык саясий кыймылдар менен «Правый сектордун» улутчулдары митингге активдүү катыша башташкан.
Слонь өз сүрөтбаянын даярдап келгенден бери Майдан революциянын мүмкүн болгон баскычтарынын бардыгын тең — активдүүлүктүн мизин кайтаруу, андан соң жаңы чабуул жасоо аракеттеринен кийинки кайрадан күч алуу, алгачкы курмандыктар, акыры жыйынтыгында президент Виктор Янукович алгач оппозициянын койгон шарттарына макул болуп, андан соң өлкөдөн чыгып кетүүсүнө алып келген кандуу кагылыштарды — басып өттү.
Мен Майданга февралдын соңунда бардым. Өткөн аптадагы кандуу кагылышуулардан кийин эми бул жер Слонь көрүп келгенден таптакыр башкача көрүнүштө.
Бул үч айдын ичинде Майдан кандай өзгөрүүлөргө дуушар болду? Мен Киевдин башкы аянтын кесиптешим тартып алган өңүттөрдүн дал өзүнөн сүрөткө тарттым.
Майдандын жалпы көрүнүшү:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Институт көчөсүндөгү тосмолор:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Крещатикдеги тосмолор:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Майдандагы балаты:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Артта Майдандын Глобус соода борбору (оңдо) менен Октябрь ордосу (солдо):
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Майдандын түндүк чегинен карагандагы көрүнүш:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Эгемендүүлүк белгисинин түбү:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Эгемендүүлүк белгиси:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Эгемендүүлүк белгисинин ички тарабы:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Майдандын көрүнүшү, арткы жагындагы имарат Профсоюздар үйү:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Профсоюздар үйүнүн колонналары:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Майдандын көрүнүшү, арткы жагындагы имарат почтанын шаардык бөлүмү:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Майдандын так борбору:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Профсоюздар үйү:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягында
Майдандын түндүк тарабындагы тосмолор:
2013-жылдын декабрынын башында2014-жылдын февралынын аягындаТуура өңүттү кармоого жардам берген киевдик журналист Наталья Фоловчукка өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Автор: Бектур Искендер