Полковник Алиевдин өлүмүнө айыпталуучу «жоопкерчиликтен качууда»

Кылмыштык топтор жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Кемирбек Бердыбаевтин айтымында, айыпталуучуну ур-токмокко алгандыгы үчүн, туугандары укук коргоо органдарын күнөөлөп жатышат.

Айыпталуучунун атасы Осмонбек Качыбеков, 21- ноябрь күнү Ош шаардык кылмыштык топтор жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз негизде баласы Азизбекти көрсөтмө берүү үчүн кыйнап кыстоого алышканы тууралуу өлкө бийлигине айтып кайрылган.

«Алиевдин өлүмүн мойнуна алышы үчүн, ага күч колдонушуп, ур-токмокко алып, башына жылтырак баштыкча кийгизип, муунтушкан. Эки бутунун тең чыпалактарынын тырмактарын кычкач менен сууруп алышкан»,-деп жазган кайрылуусунда айыпталуучунун атасы.

Түштүк башкармачылыктын тергөө бөлүмүнүн жетекчтси Кемирбек Бердыбаевдин «Клоопко» берген интерьвюсунда, Азизбекти суракка алган учурда жанында адвокаты болгон.

«Качыбековду суракка алып жатканда адвокаты катышкан. Бир эле адвокат эмес эки адвокат турган. Анан дагы түшүндүрмөлөр болгон»,- деп айтты тергөө бөлүмүнүн башчысы.

Осмонбектин оюу боюнча, түштүк жергесинин кылмыштык топтор жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери өзүнүн жетекчисинин өлүм себебин кандай гана жол болбосун бетин ачууга кызыктар.

«Эч кандай далилдөөсү жок туруп, балам Азизбекти ар түрдүү кыйнап кыстоонун жолу аркылуу өлүмдү мойнуна алдырууга аракет кылышууда»,- деп ой бөлүштү айыпталуучунун атасы.

Бул боюнча Бердыбаев, башкармалыктын кызматкерлеринин күнөөлөрү далилденген жок. Айыпталуучунун туугандары арыздарында кыйнап кыстоо боюнча асмандан алып жазып жатышат, деп билдирди.

«Жоопкерчиликтен качуу үчүн ал (Азизбек) баардык жерге кайрылууда. Далилсиз биз дагы кармап тура албайбыз. Эгер мыйзамсыз негизде кармалган болсо, анда аталган башкармалыктын кызматкерлерине кылмыш ишин козголмок», -деп түшүндүрдү Бердыбаев.

Акыйкатчынын Ош областык ыйгарымдуу өкүлү Абдыкапар Усенов «Клоопко» берген интервьюсунда, Азизбек Качыбековго карата жасалган иштер менен макул экенин билдирип, чындыгында кыйнап кыстоо колдонулган деп айтат.

« Моюн тарапка атылган октун издери жана денесиндеги тешикчелердин бар экенин тартып алынган видео тасма бар»,-деп айтты Усенов.

Анын сөзү боюнча, Азизбек өзү инспекторлордун алдында башкармалыктын кызматкерлери тарабынан кыйнап кыстоолор болгону тууралуу айтып берген.

«Мен өзүмдүн инспекторумду Алайдагы убактылуу кармоочу жайга жибердим. Качыбековдун айтымында, эгер аны убактылуу жайдан алып кетпесе эртеңки күнү анын жок болушу ыктымал деген»,-деп айтты акыйкатчынын ыйгарымдуу өкүлү.

Азизбек менен инспектордун сүйлөшүүсүнөн кийин, Усенов облустук прокуратурага кылмыштык топтор жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин кыйнап-кыстоо боюнча кылган иш чараларынын үстүнөн көзөмөлдөөсүн сурап кайрылган.

«Прокурорго менин кайрылуумдан кийин, кармалган айыпталуучуну № 25- областык тергөө изоляторуна которушкан»,-деп айтты акыйкатчынын ыйгарымдуу өкүлү.

Полковник Алиевдин өлүмү

2005-жылы 5-апрелде Ош шаарында ички иштер министрлигинин кылмыштуулук менен күрөшүүнүн башкы башкармалыгынын регионалдык башкаруусу полковник Уран Алиев өзүнүн үйүнүн жанында атылып өлтүрүлгөн.

Айта кетсек, 2011-жылы 7-октябрда ИИМтин кызматкерлери, полковник Алиевдин өлүмү боюнча иш ачылган. Ошондой эле, анын өлүмү кызматтык абалы менен байланыштуу болгон.

ИИМнин маалыматы боюнча, Азиз Качыбеков полковникке буюртмачы катары иштер менен келген.

Бирок, 24- октябрда айыпталуучунун адвокатынын айтымында, полковниктин өлүмүнө Азизбектин эч кандай тиешеси жок. Осмонбек Качыбековдун сөзү боюнча, адвокатка башкармалык тарабынан ар кандай коркутуу-үркүтүү боло баштаган.
Макаланы жазып жаткан мезгилде, адвокат Азизбек комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду.

Кыргызстандагы кыйнап кыстоолор

ММКда укук коргоо тарабынан кармалгандарга кыйнап кыстоо боюнча суроолор биринчи жолу айтылып жаткан жок.

Эң бир дүңдү жараткан, 2011-жылы База-Коргон районундагы орусиялык жаран Усманжан Халмирзаевдин өлүмү болду. Ошондо «Эркиндик үнү» туугандарынын сөзүнө таянып, өлгөн жаран милиция кызматкерлери тарабынан ур-соккуга алынгандан соң жан бергенин билдирген.

Бир ай өткөн соң, Базар-Коргон районунун прокуратурасы шектүү деп аталган төрт милиционерге кылмыш ишин козгогон. Бирок, азыркы күнгө чейин жоопко тартылуу боюнча чечими чыга элек.

Укук коргоочу «Эркиндик үнү» уюмунун маалыматтында 2009-жылдын августунан 2011-жылдын апрелине чейин Кыргызстанда кармалгандарга карата кыйнап кыстоо боюнча 243 окуя каталган.

Кыргыз редактору жана которгон Айгул Гуламидин кызы

Автор: Эльдияр Арыкбаев жана Диана Рахманова