Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын курамынан чыккан Крым жарым аралын көз каранды эмес суверендүү мамлекет катары таануу жөнүндөгү жарлыкка кол койду, бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлык 17-март күнү кечинде күчүнө кирди — Путин ага Крымдын Орусиянын курамына кирүүсү боюнча өткөн референдумдун эртеси кол койду.
"2014-жылдын 16-мартында болгон жалпы крымдык референдумда Крымдын калкынын каалоосун эске алып, Севастополь шаары өзгөчө макамда турган Крым республикасы суверендүү жана көз каранды эмес мамлекет деп таанылсын",-деп жазылган жарлыкта.
Азырынча Орусия Крымды көз карандысыз мамлекет катары расмий тааныган жалгыз өлкө — бул жарым аралды федерациянын субъектиси катары өз курамына киргизүү үчүн жасалган Орусиянын алгачкы кадамдарынын бири болуп эсептелет.
Жарым аралдын көз карандысыздыгы таанылгандан кийин Крымдын Орусиянын курамына кирүү жөнүндөгү өтүнүчү каралышы керек, деп түшүндүргөн Думанын Конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет башчысынын орун басары Дмитрий Вяткин РИА Новостиге берген маегинде.
Крымдын кайрылуусу Орусиянын парламенти тарабынан жактырылышы керек. Вяткиндин айтымында, андан соң Конституциялык сотто текшерүү жол-жобосунан өтүп, ратификацияланууга милдеттүү болгон эл аралык келишимге кол коюлушу зарыл.
Андан кийин Орусиянын курамына жаңы субъектини кабыл алуу жөнүндөгү мыйзам жактырылышы керек.
Орусияга каршы санкциялар
17-март күнү АКШ менен Европа биримдиги Крымдын Орусияга кошулушу боюнча өткөн референдумга тиешеси бар 21 орусиялык жана бир украин чиновнигине каршы сакция жарыялаган.
Азырынча санкция жарыялангандардын толук тизмеси так белгисиз, бирок анын кара тизмесине Орусиянын Федерациялар кеңешинин башчысы Валентина Матвиенко, Орусия президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владислав Сурков, Путиндин кеңешчиси Сергей Глазьев жана Украинанын бийликтен кеткен президенти Виктор Януковичтердин киргизилгендиктери так белгилүү.
Ошондой эле кара тизмеде азырынча бийлигин Орусия гана тааныган Крымдын премьер-министри Сергей Аксёнов да бар.
Чиновниктерге карата көрүлө турган чаралардын ичинде — алардын АКШ менен Евробиримдиктин аймагындагы банк эсептерин тоңдуруу жана алардын аталган аймактарга кирүүсүнө тыюу салуу жазалары бар.
Литванын тышкы иштер министри өзүнүн «Твиттер» кичи блогуна жазгандай, жакынкы убактарда АКШ менен Европа биримдиги Крым жарым аралында референдумду уюштуруп, ал жакка орусиялык аскерлерди киргизүүгө күнөөлөп жаткан адамдарга каршы кошумча чаралар көрүлүшү мүмкүндүгүн жазган.
Кабыл алынган санкциядагы адамдардын тизмесине киргизилген чиновниктердин бири, Орусиянын вице-премьери Дмитрий Рогозин АКШ менен Евробиримдиктин бул аракети боюнча тамашалуу пикирин билдирди.
«А чет өлкөдө эсептери да, жеке мүлктөрү да жоктор менен эмне кылуу керек? Же сиз бул тууралуу ойлогон жоксузбу?» — деп жазган ал АКШнын президенти Барак Обамага «Твиттер» аркылуу кайрылып.
Өз кезегинде АКШ Орусия өз аракеттери менен Украинадагы «демократиялык процесстерди бузуп жатат» деп орус бийлигин айыптады — бул тууралуу санкцияларга арналган пресс-релиздерде жазылган
Орусия-украин кризиси 2014-жылдын февралында Кремлдин жакын союздаштарынын бири болгон Украинанын президенти Виктор Янукович бийликтен кеткенден кийин курч мүнөзгө ээ болгон.
Орусия дагы деле Украинанын жаңы бийлигин тааный элек. Ал 28-февралдан баштап Крым жарым аралын көзөмөлдөөнү өз колуна алган. Бирок андагы орус аскерлери расмий түрдө Крымдын коргонуу тобу деп аталып келген.