Адаттан тыш сексуалдык мамилелер жөнүндөгү маалыматтарды таркатуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү мыйзам долбоору парламент депутаттарынын талкуусуна киргизилди.
Документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» жөнүндөгү маалыматтардын жайылтылышына тыюу салуу жана бул тематикага арналган тынчтык жыйындарга чектөө киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун авторлору бул иш менен алектенгендерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга чейинки жазалар менен жазалоону сунуштап жатышат.
Мыйзам долбоорунда «салттуу» жана «салттуу эмес» сексуалдык мамилелерге кайсылар кире тургандыгына так аныктама берилген эмес, бирок салттуу эмес мамиле катары «бачабаздык» менен «лесбияндык» мамилелер көрсөтүлгөн.
Идея КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров менен «Республика» фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаевге таандык.
«Бул мыйзам долбоору Кыргызстанда, өзгөчө жаш балдардын арасында адаттан тыш сексуалдык мамилелердин пропагандаланышын токтотууга багытталган», — деди депутат Дыйканбаев Kloop.kgге берген маегинде.
Жарым жылга эркинен ажыратуу
Депутат мыйзам долбоору «бойго жеткен адамдардын» жашоосуна кийлигишпей тургандыгын убадалады.
«Кыргызстандын бойго жеткен адамдарынын арасында бар экендигине — биз кийлигишпейбиз, ал эми балдар арасындагы — бул жакшы, аны менен алектенсе болот дегендерге — биз бөгөт коебуз», — деди ал сөзмө-сөз.
Бирок мыйзам долбоорунун текстинде кеп жаш балдардын арасында гана «пропагандалоо» тууралуу болуп жаткандыгы белгиленген эмес.
Ал «Бойго жете электердин арасында салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоо жөнүндөгү» Орусиянын мыйзамына окшош, бирок кыргыз депутаттары тарабынан сунушталып жаткан жаза чаралары бир кыйла катаалыраак.
Укук коргоо уюмдары тарабынан көптөгөн сындарга кабылган Орусиянын мыйзамына ылайык, жеке жактар үчүн эң катаал жаза — 200 миң рублди (307 миң сомдон ашык) түзөт.
Кыргыз мыйзам долбоорунда болсо эң катаал жаза катары алты айга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы сунушталууда.
«Басмырлоочу мыйзам долбоору»
Бул мыйзам долбоору тууралуу анын демилгечиси Төрөбай Зулпукаров 100гө чукул кишинин катышуусундагы «гей-пропагандага» каршы өткөн митингден кийин, 12-мартта алгачкы жолу билдирген болчу.
Анда Зулпукаров бул идеясын гомосексуализмдин «биздин салтыбызга жат көрүнүш» катары эсептелгени менен түшүндүргөн.
Укук коргоо тармагындагылар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоор» деп атап жатышат.
Эл аралык «Хьюман Райтс Уотч» уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырат.
«Эгер парламент чынында эле балдарды коргогусу келсе анда анын көптөгөн эл аралык инстанциялар начар деп тапкан көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долборлоорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл буруусу маанилүү», — деген Кирей Kloop.kgге берген 12-марттагы маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.
Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) укук коргоо органдары тарабынан жасалган зомбулуктардан коргошу керек деп эсептейт.
«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл буруу керек», — деп билдирген ал.
Кыргызстанда гомосексуализм 1990-жылдардын аягынан тарта кылмыш болуп эсептелбейт.
Акыркы кездери саясатчылардын арасында өлкөдөгү адаттан тыш сексуалдык мамилелер боюнча терс пикирлердин көбөйгөндүгүнө карабастан Кыргызстан Борбордук Азия аймагында гейлер жана лесбияндардын укуктарын коргоо боюнча уюмдар менен эң ачык иш алып барган өлкө катары белгилүү.
Автор: Хлоя Гейне