Видео: Бишкектин мэринин унаасы жол эрежесин бузууда

Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун атына катталган 0010 BS мамлекеттик номурлуу унаа карама-каршы тилкеге чыгып, жол чырактын кызыл күйгөндүгүнө карабастан эки жолу токтобой өтүп кеткен — бул учурлар тартылган видео интернетте 3-апрель күнү пайда болду.

Жол эрежесин бузуу учуру тартылып алынган видео drive2.kg сайтына 3-апрель күнү жарыяланды. Андагы сүрөттөлүштөргө ылайык, унаадагы мамлекеттик номур Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун атына катталган.

Шаардык Жол кайгуул кызматы 24.kg маалымат агенттигине мамлекеттик номур Бишкектин мэрине таандык экендигин ырастап, видеодо көрсөтүлгөн үч эреже бузуунун экөөсү боюнча айдоочуну жазалай тургандыктарын билдиришкен.

«Үчүнчү учур — талаштуу, анда айдоочунун куулук кылып жаткандыгы же чындыгында эле эреже бузуп жаткандыгы түшүнүксүз. Видео боюнча териштирүүлөр болот. Бирок унаанын ичинде мэрдин бар же жок болгондугуна карабастан айдоочуга карата тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп жазган 24.kg Жол кайгуул кызматынын өкүлүнүн айткандарын.

Кулматовдун өзү «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде мамлекеттик номур менен унаа ага таандык экенин ырастап, жол эрежеси бузулган маалда ал унаанын ичинде жок болгондугун айткан.

«Мен ал видеону жаңы гана көрдүм. Жол эрежесин бузган маалда мен унаанын ичинде жок болчумун, ал жумуштан кийин, кечинде болгон. Азырынча айдоочум менен сүйлөшө элекмин жана ал жол эрежесин эмнеге бузгандыгын түшүндүрө элек», — деп жазган «Вечерний Бишкек» Кулматовдун айткандарын.

Мэр жол эрежесин бузган айдоочусун жазалай тургандыгын айтып, убада берди. Бирок кандай жол менен жазалаарын так билдирген жок.