Видео: Бишкектин борборундагы өрттүн кесепеттери

Манасчы Сагынбай көчөсүндө жайгашкан үйдө 3-апрелге караган түнү өрт чыгып, апасы менен 19 жаштагы кызы каза болду. Өрттүн кесепетинен 300 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыр жана үйдүн экинчи кабатындагы төрт батир дээрлик толугу менен күйүп кеткен.

Үйдүн жашоочуларынын биринин версиясы боюнча, өрттүн чыгышына атайылап өрт коюу себеп болгон болушу мүмкүн. Үй бардык тарабынан курулуштар менен курчалган. Анын жашоочуларынын айтымдарында, буга чейин аларга үй жайгашкан жер тилкесин сатуу сунушу менен кайрылгандар болгон.

Автор:  Владимир Цай