Бишкектин борборундагы ири жол кырсыгы, каза болгондор жок

13-апрелге караган түнү Бишкектин борборунда орун алган жол кырсыгынын катышуучулары жеңил жаракаттарды алышты. Эки унаанын сүзүшүүсү өтө катуу болгондуктан алардын бири эки жолу оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепеттерине күбө болгон «5 каналдын» жаңылыктар бөлүмүнүн алып баруучусу Шавкат Тургаев өзүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүндөгү баракчасына жол кырсыгы «Хонда Ожиссей» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун жол чырактын кызыл жарыгына өтүп кеткендигинен улам келип чыккандыгын жазган.

«Одиссей Лексусту барып сүзүп, сокку өтө катуу болгондуктан ал оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын катышуучулары ушинтип айтышты. [...] Кырсыкка Одиссейдин айдоочусу күнөөлүү. Ал жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп кеткен, күнөөсүн мойнуна алды», — деп жазган Тургаев.1277848_644088422323614_5215425572122819809_o-1024x576Кырсык түн ортосунда, Москва жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Журналист билдиргендей, айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн  эч кимиси оор жаракат алышкан эмес:

«Эч ким жаракат алган жок. Жеңил жарааттарды эле алышкан».

Тургаевдин айтымында, жол кырсыгынын катышуучулары тез жардам кызматын чакырышкан жок.919993_644089102323546_4336332122244148474_o-1024x576Кырсыктан улам көчөлөрдүн кесилишиндеги жол чырактардын бири жарактан чыккан. Аны кырсыкка күнөөлүү айдоочу калыбына келтирүүгө милдеттендирилиши мүмкүн.

«Байке ири суммадагы акчага жыгылды. Ооруканага шашып баратканын айтты», — деп жазган Тургаев «Одиссейдин» айдоочучу тууралуу.1276959_644088642323592_3141825276392732962_o-1024x576Азырынча Жол кайгуул кызматы кырсык тууралуу расмий билдирүү тарата элек.

Тургаев бул көчөлөрдүн кесилишинде жол чырактын бар экендигине карабастан унаа кырсыктары тез-тез болуп тураарын кошумчалаган.

Автор:  Бектур Искендер

Kloop.kgнин редакциясы тарткан сүрөттөрүн чыгарууга уруксат бергендиги үчүн Шавкат Тургаевге ыраазычылык билдирет.