Башкы прокуратура: Баарынан Коргоо министрлигинде коррупция көп

Башкы прокуратуранын парламенттин сайтына чыккан 2013-жыл үчүн даярдалган баяндамасында өкмөттөгү эң коррупциялашкан мекеме — Коргоо министрлиги экендиги жазылган.

Башкы прокурор Аида Салянова 2013-жылдагы Кыргызстанда орун алган коррупциялык кылмыштар жөнүндөгү баяндамасын эртең, 17-апрелде парламенттин жыйынында окуйт.

Анын баяндамасына ылайык, өлкөнүн министрликтери менен мекемелеринин ичинен баарынан да Коргоо министрлигинде коррупциялык кылмыштар көп жасалган — 2013-жылдын ичинде 79 кылмыш иши козголгон.

Документте ал мекемеде кандай кылмыш иштери козголгондугу так жазылган эмес.

Баяндамага ылайык, өткөн жылы Кыргызстан боюнча жалпысынан коррупцияга байланышкан 1200 мыйзам бузуу болгон.

Алардын көбү ар түрдүү жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдарына — мэриялар менен айылдык башкармалыктарга туура келген.

Коргоо министрлигинен бул боюнча Салянованын баяндамасына чейин кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

«Түшүндүрмөлөрдү жыйындан кийин гана беребиз», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Отчетко ылайык, 2013-жылы эң көп катталган коррупциялык кылмыштар төмөндөгүлөр болгон:

  • кызмат абалын кыянат пайдалануу;
  • жер жөнүндөгү мыйзамдарды бузуу;
  • ишенилип берилген мүлк-каражатты менчиктеп алуу же коротуу;
  • пара алуу.

Коррупциядан 900 млн сомдук зыян

Жалпысынан коррупция 2013-жылы мамлекетке дээрлик 900 млн. сом зыян алып келген, деп жазылган Салянованын баяндамасында.

Бул сумманын 20 пайыздан бир аз ашыгыраагынын гана орду толтурулган жана отчетто бул жыйынтык «кемчилик» катары көрсөтүлгөн.

«Прокуратура органдары тарабынан аныкталган жалпы чыгымдын суммасынын болгону 22,2 пайызынын гана орду толтурулгандыгын эске алып жана кемчиликтүү ишти белгилөө менен 2014-жылы прокурорлордун алдына бул багытта иш алып барууну күчөтүү маселеси коюлду, — деп жазылган документте.

Коррупцияга каршы күрөшүү — үстүбүздөгү жылдын апрелинен башында негизделген жаңы өкмөттү түзүүдөгү негизги багыттардын бири.

Коррупциялык кылмыштар менен күрөшүүгө президент Алмазбек Атамбаев да өзгөчө (кеминде айткан сөздөрү менен) көңүл бөлүүдө. Ал президент болгондон тарта «мамлекеттик кызматта туруп миллионер болууга мүмкүн эместигин» айтып келет.

Учурдагы бийлик тарабынан коррупциялык айыптоолордун эң чуулгандуулары катары — Бишкектин мурунку мэрлери Нариман Түлеев менен Иса Өмүркуловго, ошондой эле мурда Салык кызматы менен Социалдык фонддун башчысы болгон оппозициялык депутат Акматбек Келдибековго каршы козголгон кылмыш иштерин айтсак болот.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Хлоя Гейне