Күн сайын «Алтын-Түйүн» инженердик академиясында балдар байыркы римдиктердикиндей таш ыргытуучу жабдуулар, роботтордон тарта күн батареяларына чейинки укмуштуудай түзүлүштөрдү ойлоп таап, жасашат.
Топтогулардын эң улуусу — 14 жаштагы Миша. Күндүн энергиясын жыйнап алып, андан соң аккумуляторлорду кубаттандыра турган кичинекей үй дал ушул Мишанын ойлоп тапканы.«Ал бекер электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк берет. Аны мисалы, электр жарыгы жокто пайдаланса болот», — деди Миша.Окутуучу Дуулат Бапанов менен Миша ойлоп тапкан укмуштуудай ойлоп табуулардын экинчиси — бул күндүн нурунун жардамы менен сууну жылытып, аны бир канча күнгө чейин жылуу бойдон карамап тура алган жөнөкөй жана гениалдуу түзүлүш.Бул жөнөкөй гана иштейт. Челекке толтура суу куюлат. Күн нурлары анын тулкусуна чагылып, андан соң айнек аркылуу өтүп андагы сууну жылытат. Андан соң челекти жаап койсо болот, ал сууну жылуу бойдон сактайт.Мындай челекти каалаган үйдүн короосуна орнотуп койсо болот, андагы суу бир күн бою жылыйт.
Бул түзүлүш айыл жергесинде, ошондой эле жер үйлөрдө жашаган шаар тургундары үчүн да абдан пайдалуу.
«Түнкүсүн аны жаап койсо болот. Ал термос сыяктуу, суу жылуу бойдон сакталат. Эртең менен туруп жуунуп алса, же идиш-аяк, кир жууса болот», — деп айтып берди Дуулат Бапанов анын түзүмү тууралуу.Балдар ойлоп чыгарган нерселердин бардыгы тең патенттелет. Алсак, айдоочуну тоолуу аймактардагы унаа кырсыгынан кантип сактап калуу керектигин ойлоп тапкан бүтүрүүчү Артурдун долбоору.
Жолдун бир тарабында тоолор, ал эми экинчи тарабында жар болсо — кайрылыштын сырткы радиусундагы бул желим баллондор унааны оодарылып кетүүдөн сактайт.
Ири долбоолордон сырткары балдар күн сайын айыл-чарбасы менен аскер иштеринде пайдаланылган ири техникалардын кичинекей үлгүлөрүн жасоонун үстүндө иштешет.Алар өз идеяларын схемалар жана аларды ишке ашыруу жолдорунун бардыгы көрсөтүлгөн журналдардан алышат.Мисалы, бир нече айдын ичинде эле мына мындай жөнөкөй унаанын кичинекей үлгүсүн жасап койсо болот.Кыргызстан боюнча таланттуу балдар аз эмес. Бирок алар үчүн өз таланттарын көрсөтүп, андан ары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бере турган жайлардын аздыгы башка кеп. Санжар өз ышкысы менен алектенүү үчүн Бишкекке атайын Нарындан бери келет. Качан биз бул сүрөтбаянды даярдап жатканыбызда, ал борбор калаада эмес болчу.
Окутуучунун айтымында, Санжар өз идеяларын алгач кагаз бетине түшүрчү, кийинчерээк гана аларды практика жүзүндө ишке ашыра баштаган.
Анын жараткан биринчи эмгеги — бул комбайн. Ал айыл-чарбасында пайдаланылган чыныгы комбайндын прототиби.Бул ийримге катышкан балдардын көбү учурда алектенип жаткан нерселерин келечекте адистиктери менен айкалыштыргылары келет.Окутуучу Дуулат Бапанов мурун аскер кызматкери болгон, учурда пенсияда.
«Мен өз билимимди балдарга калтыргым келет. Алар аскер техникаларына — танкалар, учактар жана унааларга кызыгышат да. Мен аларды логикалык жактан ой-жүгүртүүгө жана кийин аларды жашоодо пайдаланууга үйрөтөм. Алар азыр окуп жатышат, кийин болсо үйрөнгөн нерселеринин баары алар менен өмүр бою калат», — деп эсептейт Дуулат.Баяндоо үстүбүздөгү жылдын 26-27-апрель күндөрү өтө турган Экинчи билим фестивалынын алкагында даярдалды. «Клооп» фестивалдын демилгечилеринен болгон «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондусунун расмий медиа-өнөктөшү болуп саналат.
Авторлор: Дарина Манасбекова жана Нуржамал Жаныбекова