Видео: Бишкекте «эң чоң пиццаны» жешти

«Арома пицца» билдиргендей, ал Бишкектеги эң чоң пиццаны даярдап, аны 700 адам бир жарым сааттын ичинде жеп түгөткөн.

2,20x2,10 метр өлчөмүндөгү пицца (же пиццалардын кошундусунун мозаикасы) 1-май күнү «Космопарк» оюн-зоок борборунда бекер таратылды:

Ашпозчулардын айтымдарында, бул эң чоң пиццаны жасоого бир жарым саат убакыт талап кылынган, акциянын жүрүшүндө анын даамын 700 киши татып көргөн.

Сиздердин оюңуздарча «Арома» тарабынан жасалган бул пиццаны бир бүтүн пицца катары эсептөөгө болобу?

Автор: Нуржамал Жаныбекова