Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы болгондор Бишкектин борборундагы Курманжан датканын эстелигинин алдында акция өткөрүштү.
Акциянын хроникасы:
12:55 Бажы биримдигине каршы уюштурулган акция жарым сааттан бир аз ашыгыраак убакытка созулган соң аяктады.
12:30 Партиясыз депутат Өмүрбек Абдрахманов сүйлөп жатат — ал Кыргызстанды эч кандай биримдиктерге кошулбастан, «өз алдынча өнүгүүгө» чакырды.
Ал Монголияны мисал келтирди. Айтымында, андагылар «беш жыл мурун бизден начар жашагандыктары менен учурда өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмү Кыргызстандыкынан алты эсеге жогору».
12:27 Акцияда кыска сатиралуу перфоманс башталды, анда башкы каарман катары бетине экономика министри Темир Сариевдин сүрөтүн чаптап алган адам катышууда.
Kloop.kgнин кабарчысынын айтымында, жасалга катары «Россия» телеканалынын алып баруучусу Дмитрий Киселевдун сүрөтү бар сыналгынын үлгүсү пайдаланылууда.
12:23 Акциянын негизги бөлүгү башталды — катышуучулар Кыргызстандын гимнин ырдап жатышат. Акциянын жүрүшүнө 10го чукул милиция кызматкери көз салууда.
Өлкөнүн Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы болгондор буга чейин укук коргоо органдары тарабынан басым жасоолор болуп жаткандыгын билдиришип, бир нече жолу даттанышкан, бирок Kloop.kgнин кабарчысынын айтымында, иш-чара азырынча тынч өтүп жатат.
12:16 Kloop.kgнин кабарчысынын билдиришинче, Курманжан датканын эстелигинин алдында Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы болгон 100гө чукул адам чогулган.
Алар Бажы биримдигине кире турган болсок өлкөгө зыян болоору түшүндүрүлгөн плакаттарды кармап турушат.
11:55 Уюштуруучулар акцияны «чогулуш (флэшмоб)» деп атап жатышат.
«Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши биздин түбөлүктүү баалуулуктарыбызга — улуттук суверенитетибиз менен эгемендүүлүгүбүзгө коркунуч туудурат», — деп жазылган акциянын фэйсбук-баракчасында.
11:34 Бажы биримдигине каршы уюштурулган акция Бишкектин борборундагы Курманжан датканын эстелигинин алдында жарым саатка жетпеген убакыттын ичинде башталышы керек. Биз ал жерден түз эфир көрсөтөбүз.
Авторлор: Хлоя Гейне, Зарема Султанбекова, Бектур Искендер жана Владимир Цай