Бишкек: Ишкер Цой адам өмүрүнө кол салууга шектелип кармалды

6-май күнү кечинде «Интел Линкс» компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цой Ысык-Көл облусунда трактордун айдоочусунун өмүрүнө кол салуу иши боюнча кармалды. Ошондой эле  ИИМ анын кикбоксёр Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бардыгы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү пландап жатат.

Цой 2009-жылы Ысык-Көл облусунда болгон окуяга байланыштуу кармалган.

Ички иштер министрлигинин версиясы боюнча, анда «Интел Линкстин» ээси Жаркынбай айылынын жанында трактор менен сүзүшүп жол кырсыгына кабылган, андан соң трактордун айдоочусунун бутуна атып, жанындагы адамды сабап салган.

Ошондой эле ИИМдин басма сөз кызматы Цойдун үстүбүздөгү жылдын мартында кикбоксёр Руслан Абасовдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде шектүү катары өтүп жаткандыгы тууралуу буга чейин пайда болгон маалыматтарды четке какты.

«Ал шектүү катары өтпөй эле, болгону ошондой версия гана бар, анткени убагында алардын ортосунда аңчылык жайыттар боюнча талаш-тартыштар болгон. Бул маалымат дагы текшерилет», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов Kloop.kgге берген маегинде.

Азырынча ишкердин өзү эч кандай комментарий бере элек.

«Интел Линкс» компаниясынан Цойдун кармалышы эмнеге байланыштуу экенин билбей тургандыктарын айтышты.

«Мунун компаниянын ишмердүүлүгү менен байланышы жок деп ойлойм», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги «Интел Линкстин» директору Таалайбек Жумадыловдун айткандарын.

«Интел Линкс» компаниясы бийлик өлкөнүн паспортторун чыгарууну толугу менен өз көзөмөлүнө алган 2013-жылдын жазына чейин Кыргызстандын паспортторун иштеп чыгаруу менен алектенип келген.

Автор: Мираида Жапарова