9-май күнү өлкөдө жыл сайын салттуу түрдө майрамдалып келе жаткан Улуу Жеңиш күнүн белгилөөгө бүгүн Бишкектин Жеңиш аянтына миңдеген кишилер чогулушту.
Бүгүнкү күндө аскерлер менен тылдын эмгекчилерин кошкондо Бишкекте жалпысынан Улуу Ата Мекендик согуштун 459 катышуучусу жашайт:Алар 9-май күнү Бишкектин борборунда уюштурулган иш-чаранын башкы каармандары болушту:Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу маршка Кыргызстандын бардык — окуу жайларынан тарта Куралдуу күчтөрүнө чейинки аскердик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышышты:Аскер техникаларынын көргөзмөсү аянтка жанаша жайгашкан Шопоков көчөсүндө уюштурулду:Салтанаттуу марштан кийин көрүүчүлөргө маданий программа сунушталды:Бул ардагер бекер телефон чалып алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланды:Жеңиш күнүнүн майрамдалышы масштабдуулугу жагынан Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүнүн майрамдалышынан гана кем калышы мүмкүн.Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстандын жашоочуларын «расаларга жана улуттарга бөлүнбөөгө» чакырды.Сүрөттүн авторлору: Толгонай Умуралиева жана Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.