Видео: Жеңиш күнүнө арналган веложүрүш

Бишкектеги эң масштабдуу веложүрүш 9-майда өтүп, ага ар түрдүү жаштагы 800гө чукул адам катышты.

Велосипедчилерден турган топ Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен Эски аянтка чейин келишип, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты.

Жыл өткөн сайын Бишкекте велосипедчилердин катышуусундагы иш-чаралардын саны өсүүдө  — бул 2014-жылдын башталышынан берки бешинчи веложүрүш. Ал эми буга чейинки акыркы беш жыл ичинде орточо алганда жылына төрттөн ашпаган веложүрүш уюштурулуп келген.

Аны менен катар жыл сайын мындай иш-чаралардын катышуучуларынын саны да өсүүдө.

Автор: Виталий Белошапкин